Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

ХОРВАТИЯДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ


Хорватияда бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат. Европа Союзуна 2007-2008-жылдары кирип калат деп күтүлгөн жумуриятта негизги таймаш бийликтеги социал-демократтар менен хорват улутчулдарынын Христиан деморкатиячыл Биримдигинин ортосунда жүрүүдө.

Өткөн аптада Хорватиянын футбол командасы Люблянада Словениянын командасы менен беттешти. Таймашта Хорватия 0-1 эсеби менен утуп, 2004-жылга белгиленген европалык чемпионаттын финалына жолдомо алды.

2004-жылы май айында Словения жана Хорватиянын дагы бир катар коңшулары Евросоюзга кабыл алынат. Хорватия Евросоюзга 4-5 жылда гана барып кириши мүмкүн. Өлкөнүн фотбол талаасындагыдай жолу шыр болуп, коңшуларына кошулаары кайсы бир деңгээлде бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгына да көз каранды болмокчу.

Учурдагы солчул-борборчул өкмөттүк коалиция 2000-жылы Христиан Демократиялык Союзду - ХДСти жеңип алып, бийликке келген. Премьер-министр Ивица Рачан жетектеген курама өкмөт өлкөнү Евросоюзга алып кирүү багытында ыргактуу иш жүргүзүп келатат. Бирок төрт жылдык реформалар жумуш орундарынын кыскарышына жана социалдык төлөмдөрдүн азайышына алып келди. Күнүмдүк жашоосунда күтүлгөндөй чоң өзгөрүш болбогон шайлоочулардын көңүлү оппозициядагы күчтөргө оой баштаган шекилдүү. Кеминде, аналитиктер бийлик партиясы бүгүн чоң сыноонун алдында тургандыгын айтып жатышат. Бүгүнкү шайлоодо кайсы партия жеңип чыкса, президент өкмөт түзүүнү ошол партияга тапшырмакчы.

Оңчул-борборчул ХДС – маркум президент Франйо Туджмандын партиясы болгон. Ал Хорватияны 1991-жылы өлкө эгемендик алгандан тартып, дээрлик 10 жыл башкарып турган. Хорватия көз карандысыздык жарыялаганда, өлкөнүн Югославия Федерациясынан чыгышын каалабаган серб азчылыгы колуна курал көтөрүп чыкты. Алты айга созулган согушта кеминде 10 миңдей кишинин каны төгүлдү. Хорватия серб сеператисттери басып алган аймактарды кайра кайтарып алган 1995-жылы үзүл-кезил согуш аракеттери биротоло токтоду. Бирок Франйо Туджмандын катаң саясатынын айынан Хорватия Евросоюзга кирип жаткан өлкөлөрдүн биринчи тобуна кошулбай калды. Согуш учурунда орун алган кылмыштуу иштердин бети толук ачылып бүтө элек. Хорватиянын батыш структураларына интеграциясы өлкөнүн Гаагадагы согуш трибуналы менен кызматташтыгына да жараша болмокчу. Загреб дагы бир катар шектүү согуш кылмышкерлерин трибуналга өткөрүп бериши керек.

Кийинки жылдары партия реформаландык, улутчулдыктан баш тарттык деп ырастап, батыштык үлгүдөгү демократияны жана Хорватиянын Евросоюзга жана НАТОго кошулушун жактаган турумга өткөн. ХДСтин лидери Иво Санадер ошондой эле бир катар радикал ишмерлерди партиядан чыгарууга жетишти.

Европа Союзу ушул айда тургундарынын 80 пайызын рим католиктери түзгөн Хорватиянын 2007-жылы кошулуу нийетин колдоп бирдирүү жасады. Өлкөдө дагы сербдер, италиялыктар, венгрлер жашайт. Евросоюздун кеңейүү процессин тейлеген Гүнтер Ферхойген 13-ноябрда Загребде болуп, премьер-министр Ивица Рачан жүргүзүп жаткан саясий жана экономикалык реформаларга колдоо билдирди. Ферхойген парламенттик шайлоонун алдында өкмөткө жана анын саясатына колдоо билдирүү үчүн келгенин ачык эле айтты.

Бүгүнкү шайлоого катышып жаткандардын арасында Златко Томичтин Дыйкандар партиясы жана Весна Пусичтин либералдык Элдик партиясы бар. Алар премьер-министр Рачандын союздаштары экени белгилүү. Хорватияда 4 миллион 400 миң чакты адам добуш берүүгө укуктуу. Булардын ичинен 400 миңге чукулу өлкөдөн сырткары жактарда жашайт, алар кечээ эле добуш бере башташты. Хорват парламентинде 160 орун бар, алардын 140кы он шайлоо чөлкөмүнөн шайланат, сегизи улуттук азчылыктарга берилген, ал эми 14кө чейинки орундар чет өлкөлөрдө жашаган хорваттардын үлүшүнө тийиши керек.

XS
SM
MD
LG