Хорватияда жекшемби күнү өткөн парламенттик шайлоодо улутчулдар партиясы бийликтеги орточулдар коалициясынын жеңип чыгышы мүмкүн экенин алдын ала эсептөөлөр көрсөтүүдө.
Борборшайлоокомдун маалымдашынча, улутчул Хорват демократтык союзу-ХДС 72 мандатка, премьер-министр Ивича Рачан башындагы коалиция 66 орунга ээ болушу ыктымал. Хорват парламентинде 160 орун бар.
Шайлоонун жыйынтыгы бүгүн кечке маалым болот.
Акыркы төрт жылдан бери бийликке оппозицияда жүргөн ХДСтин лидери Иво Санадер партиясын жеңип чыкты деп жарыялап, ал жаңы өкмөттүн курамы боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.
ХДС 1991-жылы Хорватияны мурдакы Югославиядан күнкорсуз жарыялап, өлгөнчө өлкөнүн президенти болгон Франко Тужман тарабынан негизделген партия жана акыркы төрт жылды бийликке оппозицияда болчу.