Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР БИЙЛИКТЕН Ф.КУЛОВДУН БОШТОНДУГУН СУРАШАТ


Бир катар коомдук уюмдар ушул аптадан баштап «Арнамыс» партиясынын башчысы Феликс Куловду боштондукка чыгаруу талабын койгон акцияларды өткөрүүнү көздөп жатышат. Бул иш-чаралар адам укуктарын коргоонун 10-декабрда белгилене турган эл аралык күнүнө байланыштырылууда. Бирок бейөкмөт уюмдардын башка бир тобу саясатчыны бошотуунун мындай аракеттеринен майнап чыкпастыгын белгилешүүдө.

Феликс Куловдун тарапкерлери коомчулуктун катышуусунда ар кыл акцияларды өткөрүү аркылуу бийликтин көңүлүн бурууну каалашат. Ушул максатта алар буга чейин акыркы жолу 27-октябрда саясатчынын 55 жашка чыккандыгына байланыштуу Байтик тоосунун бир ыптасына таш менен «Куловго боштондук!» деп жазып чыгышкан. Бирок, буга чейин маал-маалы менен өтүп жүргөн акциялар сыяктуу эле бул акцияга деле бийлик тараптан жооп болгон жок. Тартип коргоо органдары деле акция уюштургандарга мурдагылардай сес көрсөтүшпөдү.

Куловдун тарапкерлери келерки акцияны эми туура бир айдан кийин, 27-ноябрда Бишкектин өзүндө, Өкмөт Үйүнүн алдында өткөрүүнү көздөп жатышат. Бул жолу «Демократияны өнүктүрүү» фонду менен «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму демилге көтөрүшүүдө. Бул уюмдардын жетекчилеринин бири Төлөкан Исмаилова анын себебин минтип чечмеледи:

- Өзүбүздүн үнүбүздү өкмөткө, эл аралык уюмдарга жеткизип, эл аралык уюмдардын демократияга жана мыйзамдуулукка кошкон үлүшүн тактатып, дагы бир жолу «Феликс Шаршенбаевичке боштондук керек!» деп айткыбыз келет. 14-ноябрда биз күбө болдук: президент кыйноолорго каршы мыйзамга кол койду. Биз парламентке жана Аскар Акаевичке дагы бир жолу «бул жакшы кадам» деп айткыбыз келет. Экинчи кадам - Феликс Шаршенбаевичке боштондук берилсе, бул дагы коомчулук үчүн, дегеле Кыргызстанда реформалардын жакшы жүрүшү үчүн алгылыктуу иш болмок деп ойлойбуз.

Анын айтымында, бул иш-чара негизинен 10-декабрга - Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө - байланыштырылат жана Куловдун боштондугун талап кылган бул акцияга жалаң аялдар катышат. Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата Куловго боштондук берүүнү суранган кайрылуу даярдалып жатканын «Абийир туткундары» гильдиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев да билдирди.

- Көпчүлүк элдин каалоосун бир кагазга түшүрүп, бир катар укук коргоочу уюмдар А.Акаевге кайрылалы деп атабыз, - деди Топчубек Тургуналиев.

Куловду саясий туткун катары санаган коомчулук өкүлдөрү, оппозициялык маанайдагы саясатчылар аны абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу убактысы алда качан эле келгенин айтышат. Топчубек Тургуналиев да «мамлекет башчысы Куловго боштондук берип, кечиримдүүлүгүн көрсөтүшү керек» деген ойдо.

- Грузиядагылар бири-бирин кечирип атышат. Кыргызстандын эртеңки-бүрсүгүнкү келечегине өтө катуу таасир бере турган, анын даңгыр жолун кетмен алып чаап бере турган азаматтардын бири – Феликс Кулов. Ошондуктан, биринчиден, парламенттик, өзгөчө президенттик шайлоонун алдында Аскар Акаев кечиримдүү болуп, Куловду боштондукка чыгарышы керек. Экинчи себеби - ал коомго коркунучтуу инсан эмес. Үчүнчүдөн, аны мөөнөтүнөн мурда чыгаруу учуру эбак келген, - дейт Топчубек Тургуналиев.

Бирок оппозициялык маанайдагы мындай көз караштарды колдобогондор «ар кандай акциялар аркылуу Куловду боштондукка чыгаруу мүмкүн эмес» дешет. Алардын арасында Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева да бар. Анын пикиринде, пикет же башка жолдор аркылуу нааразылык билдирүү - ар бир атуулдун өз эрки, бирок Феликс Кулов боюнча кандайдыр-бир чечимди сот гана чыгара алат.

- Ар ким өз пикирин айтууга укугу бар. Жыйынтыкты болсо сот гана бере алат. Соңунда Эл аралык сот гана айта алат, - дейт ал.

Куловду жактаган коомчулук өкүлдөрүнүн акция уюштуруу демилгесин «Арнамыс» партиясы колдойт. Бул туурасында партиянын төрагасынын орун басары Эмил Алиев билдирди. Бирок Феликс Кулов буга чейинки жарык көргөн маектеринде абакта бийликке канча керек болсо ошончо отураарын, бирок президенттен эч качан кечирим сурабай тургандыгын, ага негиз жоктугун айтып келет.

Феликс Кулов «ээлеген кызматынан кыянат пайдаланды» деген айып менен 10 жылга эркинен ажыратылып, 2000-жылдан бери (адегенде Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу камагында, кийинчерээк № 19-колонияда) камакта отурат. Бул аралыкта Феликс Куловго байланыштуу эл аралык жана жергиликтүү көз карандысыз уюмдар бийликке жана коомчулукка көп ирет кайрылуу жолдошту. Бирок өлкөнүн жетекчилиги соттун ишине кирише албай турганын белгилеп келет. Сот органдары болсо «Ф. Куловго карата туура чечим чыккан» деп эсептешет. Куловдун жактоочусунун датынын негизинде чечимдин тууралыгын тастыктаган акыркы тыянакты Жогорку Сот быйыл жайында чыгарган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG