Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

ТАҢШЫЙ БЕР, САЛИМА!


Азыркы учурда эстрада ырчыларынын арасында жаш ырчы Салима Балтаеванын ысымы да сыймактануу менен айтылып келет. Ал өзү теңдүү кесиптештеринен атайын аваздык жогорку билими, дүйнөлүк классикалык ырдоонун үлгүлөрүн терең билиши менен гана эмес, үнүнүн тунуктугу, аткаруучулук чеберчилиги, өздүк репертуарды тандай да, ырдай да билиши менен өзгөчө айрымаланат.

Салима Балтаева 1974-жылдын 3-майында Алайдын Жошолу айылында туулган. Болочок ырчынын ата-энеси өмүр бою колхоздун коюн баккан. Салиманын балдай таттуу балалык күндөрү да бетегеси белден буралган жайлоолордун, аскалары асман челген ак карлуу тоолордун, жылгындуу кокту-колоттордун арасында, мөлтүр булактардын боюнда өтөт. Салиманын да бүгүнкүдөй ырчы болушуна, алгачкы шык учкунунун ойгонушуна Алайдын кол менен жасап койгондой кооздугу бирден-бир себепчи болуптур. Ал жөнүндө Салима айым мындайча эскерет:

- Азыр ойлосом, менин ырчы болуп калышыма тоодо туулуп, тоодо өскөндүгүм, күкүктөнө күү чалып аккан өзөн суулар, шылдыраган ботогөз булактар күчтүү таасир этиптир. Жайдыр-кыштыр ак элечек тоолордо, бетегеси белден буралган кокту-колоттордо кой жайып жүргөндө кубанганымда, коркконумда бардык күчүм менен аска-зоолорду жаңырта кыйкырып, буулуккан бугумду чыгарып алаар элем. Көрсө ошолордун бардыгы «эбепке-себеп» дегендей, кийин ырдап калышыма бирден-бир себепчи болду. Ошентип, өзүмдүн ырдап калышымды табияттын таасиринен деп айтмакчымын.

Жаратылыштан шык алган Салима секелек кезинен «опералык ырчы болсом» дегенде ак эткенден так этет. Мектептеги өздүк-көркөм чыгармачылык ийримине жандуу катышат. Комуз черткенди үйрөнөт. Анын коштоосунда элдик ырларды жана обончулардын ар кыл маңыздагы ырларын ырдайт. 1991-жылы ал мурунку Жошолу (азыркы Курманжан датка) атындагы орто мектепти бүтөөрү менен Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык музыкалык студияга кирет. СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаевадан окуйт. Бактысын классикалык ыр дүйнөсүнөн издеген Салима, аваздык ырдоонун сырларын дагы терең билүү, аткаруучулук чеберчилигин ар тараптан дагы жетилтиш жана руханий жан-дүйнөсүн байытыш үчүн 1993-98 жылдары Кыргыз улуттук консерваториясынын аваздык-оркестрдик факультетинде окуйт. Аны 1998-жылы К.Сартбаеванын классынан ийгиликтүү бүтүрөт. «Эжени көрүп сиңди өсөт» дегендей, жаш ырчы устатынын жолун жолдоп, студенттик жылдарынан тартып бүгүнкү күнгө чейин республикалык, эл аралык сынактарга, фестивалдарга катышып, атаандаштары менен ат салышат. Ырас, ал бирде байгеге илинип, бирде тең чыгуу менен өнөрүн өркүндөтүп келет.

1996-жылы Салима Жамбыл шаарында өткөн, элдик обончу-композитор Шамшы Калдаяков атындагы эл аралык «Менин Казакстаным» аттуу фестивалдын дипломанты болсо, 1998-жылы «Сорос-Кыргызстан» фонду өткөргөн кароодо баш байгени, быйыл «Жалалабаддын азем түндөрү» фестивалында 3-орунду жеңип, лауреат болот.

Бүгүнкү күндө жаш ырчынын өздүк репертуарына көз чаптырсак, ар кыл маңыздагы, ар кандай ыргактардагы, мукамдыктагы, боектордогу, көркөмдүктөрдөгү, жүрүштөрдөгү көп түстүү ондогон лирикалык, патриоттук ырларга күбө болобуз. Алардын ичинен А.Карымовдун «Сагындым, туулган жер, сени», «Жоогазын ыры», «Караңгы түн болсоң да», М.Осмоновдун «Туулган күн», «Ысыккөл», «Билбейм, билбейм», «Биздин айыл», «Сен бар үчүн», И.Аманбаевдин «Жаштык вальсы» аттуу ырларын күйүп-жанып, бүтүндөй жан-дүйнөсү менен эргип ырдайт. Өзгөчө жаш ырчынын аткаруучулук тубаса шыгы, үнүнүн тунуктугу, мукамдуулугу белгилүү обончу-ырчы Айбек Карымовдун «Аттиң, аттиң ай», «Дил кайрык», «Сага», «Жоогазын», «Сүйүүм сага аманат» аттуу дуэттерине кошулуп ырдоодо бажырая ачылат. Айбек менен Салиманын үндөрү бири-бирине куюп койгондой айкалышып, обондордун ажарын ачып, ырдамдуулугун, мукамдуулугун арттырган. Төкмө акындардын алым-сабактарынын таалиминде чыгарылган жана аткарылган дуэттер биринин оюн экинчиси толуктап, сөздөрүн да, обондорун да ар тараптан байытып, көркөмдөп, угумдуулугун арттырып турат.

Адатта ырчылардын арасында «үнүң барда жер, ырың барда эл тааны» деген накыл кеп айтылып келет. Анын сыңарындай жалындаган жаштагы, шаңкылдаган мукамдуу үндөгү Салима да 1998-жылдын декабрынан 1999-жылдын июнь айына чейин Түркия, Венгрия, Румыния, Болгария, Австралия өңдүү 18 өлкөнү чыгармачыл топ менен кыдырып, концерт берет. Бейтааныш угуучуларга Салима кыргыздын элдик композиторлорунун чыгармаларынын берметтерин тартуулайт. Алты жарым ай бою тынымсыз гастролдордо болгон күндөрүн, түндөрүн Салима «чыгармачылыгымдагы көкүрөгүмдөн өчкүс, көңүлүмдөн чыккыс бактылуу мезгилим» деп эсептейт.

- Салима айым, өзүңүздүн сүйгөн ырчыларыңыз, обончуларыңыз, композиторлоруңуз барбы?

- Мен консерваториядан классикалык багыттагы билим алгандыктан, дүйнөлүк ысымдагы классик ырчыларды сүйөм. Алардын аткаруусундагы чыгармаларды угам. Италиялык ырчы Мария Калосту, орусиялык Галина Вишневскаяны жана өзүмдүн устатым Кайыргүл Сартбаеваны пир тутам. Обончулардан болсо Р.Абдыкадыровдун, А.Керимбаевдин, Т.Казаковдун чыгармаларын суктана угам. Алардын обондорунда куштарлана ырдайм. Бир эле мезгилде азыркы жаңыдан чыккан жаш обончулардын да ырларын угам. Айрым жаккандарын аткарып жүрөм. Ошондой болсо да классик композиторлордун чыгармаларын көбүрөөк угам жана ырдоого аракеттенем.

- Эмне үчүн азыркы жаш обончулардын, ырчылардын 99% махабат ырларына кайрылышат?

- Менимче, «жаштык кез, мастык кез» дегендей, жаштарыбыз махабатка мас болуп ырдашат. Баарыбыз эле жаш болгонбуз, баарыбыз эле махабат ырларын ырдап күйүп-жанганбыз. Ошондуктан мен аны мыйзам чегиндеги көрүнүш деп эсептейм. Ал эми сиздин «жаш ырчылардын, обончулардын 99% сүйүү ырларын ырдашат, ошондой обондорду чыгарышат» деп айтканыңызга каршымын. Себеби, абалтан элибиз патриот келет. Патриоттук обондорду чыгарган обончуларыбыз, ырдаган ырчыларыбыз бар. Ошондуктан сиз айткан пайызыңызды мен 95ке түшүрөт элем. Туура, акыркы кездерде жаш ырчылар, обончулар махабат ырларына көбүрөөк басым жасап келишет. Аны мен да сезип жүрөм. Жеке өзүм болсо лирикалык, патриоттук ырларды өздүк репертуарымда бирдей алып жүрөм. Атамекен, эл-жер, эне жөнүндөгү ырларды ырдайм. Мен ар дайым өзүмдү патриотмун деп эсептейм.

- Ырахмат, чыгармачылык ийгиликтерди, узун өмүр жашты каалайм. Бар болуңуз.
XS
SM
MD
LG