Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

ГРУЗИЯНЫН КЕЛЕЧЕГИ МОСКВАДА ЧЕЧИЛЕБИ?


Грузияда оппозициячылар президенттикке көрсөткөн бирдиктүү талапкер – Михаил Саакашвили эң ириде Орусия менен мамилелерди оңдоо керектигине басым жасоодо. Ал учурда Грузиянын аймагындагы сепаратисттик Абхазия, автономиялуу Ажария жана Түштүк Осетиянын лидерлери Тбилисидеги жаңы жетекчилерди тааныбаарын айтып, жума күнү Москвада Орусиянын тышкы иштер министри менен жолукмай болушту. Андан улам айрым эксперттер Грузиядагы саясий кризистин жаңы баскычы башталганын айтышууда.

Грузиянын экс-президенти Э.Шеварднадзе жалаң соңку парламенттик шайлоодогу адилетсиздиктин айынан эмес, андан башка өлкөнү каптаган олуттуу саясий жана экономикалык проблемалардан улам отставкага кетүүгө аргасыз болгону күмөнсүз. Орусия менен оор мамилелер, борбордук бийликтин алыскы аймактардагы алсыздыгы саясий кризиске өбөлгө түзсө, коррупция, жакырлык калктын бийликке болгон ишеничин кетирген. Тбилисидеги бийликти кансыз ыңкылап аркылуу ээлеген жаңы жетекчилерге ушундай оор мурас тийди. Андыктан, оппозициячылар алдыдагы президенттик шайлоого жалгыз талапкер кылып көрсөткөн Михаил Саакашвили баарыдан мурда Москвага барып, Грузия-Орусия алакаларын жакшыртууга аракет кылаарын билдирди.

- Менин оюмча, балким, шайлоого чейин эле эң алгачкы сапарларымдын бири Москвада өтүшү керек. Орусия менен эки тараптуу мамилелердеги бардык багыттарды талкуулап, ортодогу талаштарды чечип, түндүктөгү улуу коңшулар менен алакаларды жакшыртуу зарыл.

Ошол эле учурда ал Грузияда кырдаал дале опурталдуу абалда экенин белгилеп, шаршембиде жергиликтүү "Рустави-2" телеканалына берген интервьюсунда: "Армиядагы бирин-серин жетекчилер Грузияда төңкөрүш уюштуруп, аскерий хунтанын бийлигин орнотууну пландаштырып жатыптыр", - деп кооптуу билдирүү жасады.

"Грузиянын болочок президенти атала баштаган Саакашвили келечекте элдин үмүтүн актай алабы"? – деген суроого экс-президент Шеварднадзе Тбилисидеги үйүндө отуруп алып, төмөнкүдөй жооп берди.

- Бул өтө билимдүү жана таланттуу адам деп бир беткей айта алам. Бирок, саясатта башка сапаттар талап кылынат. Турмуш көрсөтөт, шайлоо өтсүн, анан ал өзүнүн саясий жөндөмүн, дагы башка сапаттарын көрсөтөт, күтө туралы.


Грузиядагы жаңы жетекчилер үчүн азыр эң оор маселе - автономиялуу республикалардын башчылары менен тил табышуу болууда. Сепаратисттик Абхазия, иш жүзүндө бөлүнүп алган Түштүк Осетия жана автономиялуу Ажариянын жетекчилери Москвада чогулушуп, өз ара кеңешип-акылдашып жатышат. Жума күнү алар Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов менен сүйлөшүү өткөрөөрү жарыяланды.


Мурунку күнү Түштүк Осетия Орусиянын курамына кириши мүмкүн деп эскерткен бул автономиялуу республиканын жетекчиси Эдуард Кокойты бейшембиде Москвада Игорь Иванов менен маектешти. "Түштүк Осетия – көз карандысыз өлкө, соңку эки жыл ичинде грузин президенти Шеварднадзе менен бир да жолу сүйлөшкөн эмесмин", - деп белгилеген Кокойты конституцияны бузуп, бийликти күч менен алган деп өзү баалаган Тбилисинин жаңы жетекчилерин расмий бийлик катары тааныбаастыгын маалымдады. Грузиянын курамындагы Ажариянын президенти Аслан Абашидзе Тбилиси-Батуми темир жол каттамын токтотуп, транспорттук блокада менен коркута баштады.

Бейшембиде Москвага барган Абашидзе Орусиянын премьери Михаил Касьянов менен виза режимин жеңилдетүү маселесин макулдашканын жар салды. "Тбилисиге баш ийбей койсоңор, жаңы грузин бийлиги силерди аскердик жол менен багындырышы мүмкүнбү?" – деген суроого Ажариянын лидери төмөндөгүдөй жооп узатты.

- Өкүнүчтүүсү, биздин күчүбүз жетиштүү, өкүнүчтүү дегеним, андай кырдаалга жеткирбеш керек. 1992-жылы грузин бийликтери куралдын күчү менен Ажарияга киребиз деп, жолдо калганы көпчүлүктүн эсинде.


Грузиядагы саясий кырдаалдын мындан аркы өнүгүшү көп жагынан Орусияга байланыштуу болуп калды. Өлкөнүн аймагында орусиялык эки ири аскердик база жайгашкан, Москва аларды чыгарып кетүүгө бери дегенде бир нече жыл талап кылынаарын эскертти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG