Британ тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү билдиришкендей, элчилик жакында алынган маалыматка байланыштуу иштеген жок. Ал маалыматтын чоо-жайы айтылбады. Өткөн аптада жанкечти террорчулар Стамбул шаарында британиялык банк менен британ консулдугунун имаратын жардырышкан эле. Анда отуздай киши каза тапкан. Лондон Түркияда жаңы терракттар ишке ашырылышы мүмкүн экенин да эскертти. 25-ноябрда жасалган ал жардырууларга катышы бардыгы үчүн учурда Түркияда 12 адам айыпталууда.