Бул курултай «2004-жыл - социалдык мобилизациялоо жана акниет башкаруу жылы» деген ураан астында өтөөрү белгилүү болду. Президенттин жарлыгында «курултайды демөөрчүлөр каржылайт» деп жазылган. Ага жер-жерлерден делегаттар катышмакчы. Курултайды уюштуруучу топтун курамы да президент тарабынан бекитилди. Эскерте кетели: Кыргыздардын дүйнөлүк II курултайы 3 ай мурда болгон. Эмкиси болсо - эгемендик алгандан берки эсеп боюнча Кыргызстан калкынын IV курултайы. Кыргыз коомчулугунда бул курултайды «эмнегедир шашылыш чакырылды» деп боолгологон пикирлер пайда болду. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөнкул Чотонов «шашылыш чакырылганына караганда, президенттин бир көздөгөнү бар» дейт.
- Бул курултай эмнегедир шашылыш чакырылгандай таасир калтырууда. Менимче, Грузиядагы окуялардан кийин эле «курултай чакырылат» деген сөз чыгып калды. Кыргызстандагы саясий кырдаалда көптөн бери жымжырттык өкүм сүрүп, оппозиция менен бийлик бирин-бири аңдып жаткан. Курултайда ар кандай саясий кадамдар жасалышы мүмкүн. Балким, болочок жылдарга президенттин өз сценарийинин учу көрүнүшү да ыктымал, - дейт депутат Чотонов.
Президенттин жарлыгында да көрсөтүлгөндөй, курултай Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10 жылдыгынын урматына өткөрүлмөкчү. Ассамблеянын түзүлгөнүнө 2004-жылы 21-январда чындап эле 10 жыл толот. Кыргызстан элинин ассамблеясын башкарган Иса Токоев курултай тууралуу айтып келип, анын өтүшүн саясатташтырып аткандарга ачууланды.
- Бул ассамблеянын 10 жылдыгына арналган курултай. Биз өз иштерибиз боюнча отчет беребиз, борборлордун жетекчилерин кайра шайлоо болот. Муну саясатташтырыштын кереги жок. Ал эми курултайда ким эмне деп сүйлөйт - мен ар бири үчүн жооп бере албайм да.
Жаңы эле дүйнө жүзүнүн ар бурчунан меймандар келген чоң курултайдын деми сууй электе дагы бир курултай чакырылганы айрым байкоочуларга жаккан жок. Мисалы, парламенттин мурдагы спикери, «Мукар жана профи» юридикалык компаниясынын башчысы Мукар Чолпонбаев курултай өткөргөндөн пайда жок деп эсептейт. Анын айтымында, курултайдын конституциялык эч кандай күчү жок жана реалдуу чечим да кабыл ала албайт. М. Чолпонбаев мындай курултайлар болгону мамлекет үчүн ашыкча чыгым экенин баса белгилейт.
Кыргыздардын II курултайы болордо да «президенттин тактыдагы мөөнөтүн узартуу тууралуу кеп козголушу ыктымал» деген божомолдор болгон. Бирок андай болгон жок. «Аскар Акаев анчалыкка бара алган жок» дешет байкоочулар. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Муратбек Мукашев «андай болгон күндө бийлик саясий жактан катуу уттурмак» дейт. Бир курултайдын артынан дагы бир курултайдын чакырылышы саясатчыларды кайрадан ар кандай ойго түртүп жатат. Кай бирлери «дал ушул курултайда Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартуунун кезеги келди» дегендей ойлорун ортого салышууда. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидери Досбол Нур уулу «алдыдагы шайлоолор эрте болобу, президенттин мөөнөтү узарабы – ушул өңдүү бүдөмүк суроолорго дал ушул курултайда жооп табылышы ыктымал» деп ойлойт. «Ойдо жок жерден курултай чакырып атканында мандем бар. Ушул курултайда эрте шайлоолор болуп кетеби же жокпу – ошонун чекеси чыгат», - дейт Досбол Нур уулу.
Курултай жыл жаңыргандан кийин, январь айында болот. Азырынча так программасы иштелип чыга элек жана ага канча делегат келээри аныктала элек.