Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:24

БҮГҮН ШАЙЛОО КОДЕКСИНИН ЖАҢЫ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНАТ


Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын алдындагы Кеңеш берүүчү жыйындын отуруму өтөт. Анда коомчулуктун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Шайлоо кодексинин жаңы долбоорун талкуулашып, өз сунуштарын парламентке беришет.

Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдардын сапатын жакшыртуу жана коомчулук менен парламенттин байланышын чыңдоо максатында төрага Абдыганы Эркебаевдин алдында Кеңеш берүүчү жыйын түзүлгөн. Бүгүн анын кезектеги отуруму болот. Жыйындын мүчөлөрү бул жолу Шайлоо кодексинин жаңы долбооруна карата өз сунуштарын беришмекчи. Улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин деректири, ушул жыйындын мүчөсү Кубанычбек Таабалдиевдин да Шайлоо кодексинин жаңы долбоору боюнча бир катар ойлору бар.

- Азыркы сунушталып жаткан Шайлоо кодексинин долбооруна ылайык, депутаттыкка талапкер өз талапкерлигин шайлоо өтчү күнгө 15 күн калганга чейин алып салууга укуктуу экен, - дейт Кубанычбек Таабалдиев. - Менин оюмча, бул абдан чоң убакыт. Ушуну айталык деген ойдомун. Андын тышкары, маалымат каржаттарына тиешелүү 30-берененин 7-пунктунда Кыргызстанда чыгып жаткан массалык маалымат каражаттарына шайлоонун алдында үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган. Бул дагы түшүнүксүз нерсе болуп жатат. Себеби, мисалы, «Слово Кыргызстана» же «Кыргыз туусу» Кыргызстандын гезиттери болгону менен, «Комсомольская правда» - Орусиянын гезити, бирок анын ичинде чыгып жаткан тиркеме Кыргызстандын гезити болуп эсептелет. Же «Аргументы и фактыны» алалы. Буга окшогон мисалдар көп.

Кубанычбек Таабалдиев Кеңеш берүүчү коомдук жыйындын мүчөлөрүнүн буга окшогон сунуштарын төрага Абдыганы Эркебаев депутаттарга жеткирээрине жана бул сунуштар жаңы Шайлоо кодексине киргизилээрине ишенет.

XS
SM
MD
LG