Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

ГРУЗИЯ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮ ЫДЫРОО АЛДЫНДА ТУРАБЫ?


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Үч күндөн бери Москвада Грузиянын автономиялуу аймактарынын жетекчилеринин өз ара сүйлөшүүлөрү өтүп жатат. Шаршембиде Ажария жана Түштүк Осетия республикаларынын башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Ошол эле күнү жалпы Кавказ регионунда тынчтыкты сактоо маселесин Орус президенти Путин региондогу жумурияттардын диний башчылары менен талкуулады.

Грузия тагдыры жана анын келечеги ушул күндөрү Тбилисиде эле эмес, Москвада да чечилип жаткандай. Негизи, Грузияга караштуу автономиялуу Абхазия жана Түштүк Осетия республикалары 1990-жылдардын башынан тартып эле Тбилисиге баш ийбей келишкендиги маалым. Эгемендүүлүккө умтулуп, ошол эле учурда эл-аралык коомчулук тарабынан таанылбай келишкен автономиялар эми «роза (же баркыт) ыңкылабынан» кийин Тбилисидеги утурумдук бийликти такыр эле тааныбай тургандыктарын билдиришүүдө.

Түштүк Осетия алдыдагы президенттик шайлоого катышпай тургандыгын айтса, Абхазия менен Ажария өз аймактарында өзгөчө чукул абал жарыялашып, куралдуу күчтөрүн даярдыкка келтиришти. Ажария президенти Аслан Абашидзе (Aslan Abashidze) Грузияда өткөн окуяны «баркыт ыңкылабы» эмес, «мамлекеттик төңкөрүш» деп тааныды.

Абашидзенин айтымында, чатакты баштагандар Грузиянын желегинин ордуна өздөрүнүн улутчул мүнөздөгү желегин асып коюшту. Эртеңки күндү алдын ала айтуу кыйын болуп калды, - дейт ал.

Шаршемби күнү Ажария менен Түштүк Осетия жетекчилери Орусиянын баш калаасында жолугуп, мындан ары кантип жашоо керектигин макулдашышты. Ал эми бейшемби күнү аларга Абхазия бийлик өкүлдөрү да кошулушту. Ошол эле учурда Түштүк Осетия Орусия Федерациясынын курамына кирүү кызыкчылыгын билдирүүдө.

- 1992-жылы өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгы боюнча, калктын 99% Түштүк Осетия Орусия курамына кирүүсү керектиги тууралуу айтышкан. Биз ушул багытта иштейбиз, анткени бул - менин элимдин каалоосу. Кандай жолдор менен болбосун бул максатка жетишүүгө бүт күчүмдү сарптайм, - дейт Түштүк Осетия автономиясынын президенти Эдуард Кокоев (Eduard Kokoev).

Ушундан улам, айрым саясий байкоочулар Грузиядагы окуялар пессимисттик көрүнүштү берип кала тургандыгын да жокко чыгарышпайт. Негизги коркунуч – Грузиянын мамлекет катары бүтүндүгү калыбына келбей, ыдырап кетүүсүнүн ыктымалдыгы, - дешет алар. Ушул максатта Кавказ регионундагы Грузия, Азербайжан жана Армения мамлекеттеринин диний жетекчилери Москвага келишип, Орус президенти Владимир Путин (Vladimir Putin) менен региондо проблеманы тынчтык жолу менен чечүүгө жетишүү ишинде диний мекемелердин тийешелүү аракеттери туралуу кеп курушту.

Грузияда келээрки жылдын 4-январына белгиленген президенттик эрте шайлоого ат салышууну каалагандарды каттоо бейшемби күнү токтотулду. Анткен менен акыркы мүнөттөргө чейин талапкерлердин тизмеги белгисиз бойдон калууда.

Азырынча белгилүү болгондой, «Улуттук кыймыл» жана «Буржанадзе-демократтар» саясий партиялары биригип, Михаил Саакашвилини (Mikhail Saakashvili) алдыдагы президенттик шайлоого жалгыз талапкер катары көрсөтүштү.

35 жаштагы Михаил Саакашвили - «Улуттук кыймыл» партиясынын жетекчиси. Анын бийлик башына келүүсү Грузиянын автономияларына карата мамиленин терс жагына өзгөрүү коркунучун туудурат дешет айрым орусиялык аналитиктер. Ошол эле учурда, Саакашвили өзү Грузиянын ыдыроо коркунучун четтетүүдө ортомчулук милдетин Орусия өз мойнуна алуусу керектигин айтат.

- Орусия жалпы эле Грузия аймагында туруктуулуктун кепили боло алат деп ишенем. Өз кезегинде, Грузия да Орусияга Кавказ регионундагы проблемаларды чечүүдө жардамчы болууга даяр деп ишендирип кетким келет, - деп, президенттикке талапкер Михаил Саакашвили шайлоо өнөктүгүнүн нугуна ылайык алгачкы сөзүн сүйлөдү.

XS
SM
MD
LG