Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

БУШТУН СОҢУНАН БАГДАДДА Х.КЛИНТОН БОЛДУ


Президент Жорж Буштун соңунан Багдадда демократтардын өкүлү, сенатор Хиллари Клинтон болуп кетти. Бул визиттерге удаалаш Ирактын түндүгүндө партизандар америкалык аскерлердин базасын аткылап, бир жоокер набыт болду. Ал эми Багдадда шаардык тургундар демонстрация өткөрүшүп, террордук зобундардан өмүрү кыйылган ирактыктардын арбайын эскеришти.

Сенатор Хиллари Клинтон Багдадга Ооганстандан учуп келди. Америкалыктардын улуттук майрамын – Алкоо күнүн ал Баграмдагы аскер базасында белгилеген эле. Хиллари Клинтон Багдаддагы сапары маалында Иракты кайра тикелөө ишинде Кошмо Штаттарына эл аралык коомчулуктун активдүү көмөгү керектигин белгилеп, ошол учурда Буштун администрациясы мындай сунушка макул болору күмөн экенин да моюнга алды. Американын өзүндө болсо демократтардын жамааты президенттин Багдадга жашырынып барып келгенин калбаат апазда комментариялап, Буштун бул кадамын анын өзүнө каршы пайдаланганга аракет кылып жатышат. Президенттикке талапкерлердин бири, демократ Хорвард Диндин өкүлү, мисалы, Буштун Багдаддагы сапары карапайым америкалыктарга батылдык катары таасир калтырганы менен баары бир башкы фактыны – Иракта Кошмо Штаттары дээрлик күн сайын жоокерлерин жоготуп жатканын өзгөртүп ийе албай тургандыгын белгиледи. Экинчи бир демократ-сенатор Жон Керри болсо Буштун саясатынан америкалык аскерлер Иракта иш жүзүндө тирдеги жамбыга айланды деп билдирди.

Буштун Багдаддагы апыл-тапыл визитине Ирактагы таасирдүү диний жамааттардын башчылары да ичи чыкпаганын жашырышкан жок. Шийит адыйы Муктада ас-Садр атүгүл америкалык президенттин тымызын сапары ирактыктарды мазактаганга барабар болду деп билдирди. Ал эми шейх Абдул Хади ал-Казражи америкалык президенттин Багдадга жашырынып келип-кеткенин ким бирөөлөр Иракты терроризмдин жана бүлүк-бүлгүнчүлүктүн зонасына айлантуу үчүн пайдаланышы мүмкүн экенин белгилеп, буга тургун калк жол койбой тургандыгын эскертти. Диний лидердин пикирине азыркы башкаруучу кеңештин айрым мүчөлөрү, анын ичинде Мухаммад Осман да кошулду. Аны баарыдан мурда Буштун аталган кеңештин төрт мүчөсү менен гана жолукканы нааразы кылды.

Вашингтон администрациясындагылар президенттин визити капыл-тапыл кабыл алынган чечим эместигин, ал быйыл жайда эле пландаштырылып, коопсуздук мүдөөлөрүнөн улам аны ушундай мүнөздө ишке ашырууга туура келгенин айтышууда. Буштун коопсуздук иштери боюна кеңешчиси Кондализа Райстын айтымында, жогорку башкы колбашчы Багдаддагы сапарында Алкоо күнүнө байланыштуу Ирактагы аскерлерге америкалыктардын жакшы каалоо-тилектерин жеткирип, аларга өтөп жаткан кызматы үчүн алкыш айтып, ошондой эле ирактыктарга азаттык күнү келгенин эске салып кайтты.

“Нью-Йорк таймс” гезитинин маалыматтарына караганда, президент Буштун пландарында бул жагынан дагы бир катар иш чаралар бар. Ушул аптада ал Иракта мерт болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү менен жолукту. Мындай кадамдар Бушка өз аброюн көтөрүү үчүн керек, деп белгилейт “Нью-Йорк таймс”.

XS
SM
MD
LG