Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

АПШЫРАТА ЫЙЫК ЖАЙЫ


Султанаалы Арстанбек, Бишкек Абшырата шаркыратмасы Кыргызстандын түштүгүндөгү эң кооз тарыхый жайлардын бири.

Кыргызстандын аймагында алыс-жакындан ат арытып келген зыяратчылардын аягы үзүлбөгөн бир топ ыйык жайлар бар. Борбор Азиянын бир далай аймагына аты угулган ыйык жайлардын бири – Абшырата шаркыратмасы. Анын айланасындагы зыяратчылар сыйынуу жөрөлгөлөрүн аткаруучу мазарга айланган жайлар Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Төөлөс айыл өкмөтүнүн чыгышында жайгашкан. Албетте, ар бир нерсенин жаралыш таржымалы тууралуу так тарыхый, же болбосо легендалык маалыматы болоору белгилүү.

- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, дейт Кызылкыя шаарынын имам хатиби Мукаддас ажы Кожониязов. - Ар бир адам баласынын атасы Адам Ааллейкисалам, энеси Мамахаба деп коюлат. Бул кишиден кийин Шиш Аллейкисалам деген пайгамбар өткөн экен. Шиш Аллейкисаламдан кийин Идирис деген пайгамбар өткөн. Апшыр - Идирис Аллейкисаламдын керемети деп айтылган. Себеби Идирис Аллейкисалам ушул жерде жашап, ушул жерде жүрүп, ушул жердеги элдерди исламга, мусулманчылыкка үгүттөгөн. «Мен пайгамбармын» дегенде кээ бир адамдар «сен пайгамбар болсоң бизге бир керемет көрсөткүң!» деп айтышкан. Ошондо Кудай Таала Идирис Аллейкисаламга Жебреил периште аркылуу айткан экен, «сен ушул таягыңды ташка ургуң. Ошондо менин кереметимди көрөсүң» деп. Идирис Аллейкисалам таягынын бир учун ушул ташка урганда таштан сүт агып чыккан дейт. «Апшыр» дегени фарс тилинде «сүт суу» деген мааниде.

Кызылкыя шаарынын имам хатиби Мукаддас ажы Кожониязов сөзүн андан ары минтип улады:

- Кийин Апшыратада адамдар күнөөгө бата турган иштерди жасап, ана ушул Апшыратада жуунгандыктан, сүт кийин сууга айланып калган делип айтылат. Азыркы илимпоздордун кээ бирлери «лабораториядан текшерүүдөн өткөзгөндө Абшыратанын суусунун курамында сүт бар» деп жүрүшөт. Бул жердин ыйык экендигин билишип, көптөгөн ажылар келип, ушул жерде сыйынып, жашап кетишкен.

Өз кезегинде дин жолунда жүргөн бир катар адамдардын келип сыйынышы, алардын айырмдарынын сөөгү ушул жайдын жанында жашырылышы эл аздектеген ыйыктыктын баркын дагы бийикке көтөргөнсүйт.

Абшырата ыйык жайынын атынан аталган Абшырсай капчыгайында археолог Юрий Заднепровскийдин изилдөөсүнүн натыйжасында эчки-текелердин, жылкылардын элеси түшүрүлгөн байыркы сүрөттөр табылган. Миңдеген жылдарды кучагына алган көөнө баяндарга мезгил гана баасын берээр.
XS
SM
MD
LG