Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: «АЛДЫДАГЫ ШАЙЛООЛОР ДА МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР МЕНЕН ӨТӨТ»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Грузиядагы окуялардын таасири Кыргызстанга тийеби? Кыргыз бийлиги андан кандай сабактарды алышы керек? Мына ушул жана башка суроолорго бул жолу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дооронбек Садырбаев жооп берет. Дооронбек Садырбаев 1992-жылы Грузияда болуп, Звиад Гамсахурдиа менен жолуккан кыргыз жараны. Бирок, Грузиядагы ошол мезгилдеги бийлик кризисинин учурунда Гамсахурдианын Эдуард Шеварднадзени колдоп чыгышы туура кадам болгонбу? Буга Дооронбек Садырбаевдин пикирин угуп көрөлү.

- Дооронбек мырза, Грузиядагы, Азербайжандагы, ошондой эле Борбор Азиядагы кырдаалдар «Кыргызстанда келечекте шайлоо кандай өтөт?»- деген суроону жаратты. Грузияда болгон окуя Кыргызстанга таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

- Кыргызстанга таасири тийиши мүмкүн, бирок бизде боло турган шайлоолор тилекке каршы, мурдагыдан эч айырмасыз болобу деген менде коркунуч пайда болду. Себеби, ушул убакытка чейин биздин мамлекетибизде зомбулук, шайлоо мыйзамдарын бузуучулук болуп келди. Булардын баары киши чыдай турган нерселер. Бирок, мен өзүм окуяга аралашып калган адам катары бир нерсени айтып берейин. Сиздердин эсиңиздерде болсо керек, 2000-жылдагы президенттик шайлоонун алдында ишкерлиги жакшынакай жүрүп турган, акыл-эси тунук, кыргыздын бир мыкты уулу Данияр Үсөнов журналисттергө өткөнгөн пресс конференциялардын биринде, «сиз президентикке талапкерлигиңизди коёсузбу?» деген суроого, «коём, менин башкалардан эмнем кем?!» деп койгон болчу. Мен ошондо эле айттым эле, «бекер айтат Данияр, ал койбойт, муну дуулдатпагыла!» десем, журналисттер болбостон «Данияр президентикке коет имиш» деп катар-катары менен гезиттерге жазып жиберишти. Ошондон баштап Даниярдын «балас» - бизнеси текшерилди. Даниярдын иниси, бир туугандары текшерилип, акыры Даниярды жүдөтүп, аны республиканын чегинен чыгып кетүүгө аргасыз кылышты. Феликс Куловдун балекети дагы ошол президенттикке койсомбу деген үмүтүнөн башталды.

- Дооронбек мырза, сөзүңүзгө аралжы, бул өткөн шайлоодогу көрүнүштөр. Балким, алдыдагы 2005-жылдагы шайлоо башкача өңүттө өтөөр?

- Жок. Дал ошол өткөн шайлоолордогу жол менен эч өзгөрбөстөн келатат. Ошол эле Данияр Үсөновго, Феликс Куловго күн мурунтан жасаган тоскоолдук, арамзаалыктын баардыгы 2005-жылы президенттикке чыга турган, кыргыздын белдүү, журттун керегине жарай турган балдарынын башына үйүлгөнү турат. Себеби, жаштык кылып койдубу, же өзүнүн кандайдыр бир каалоосу барбы, бир-эки жолу гезитке берген жообунда, Курманбек Бакиев «эгерде 15-16 адам чыкса, ошолордун арасында президенттикке мен деле чыгышым мүмкүн» деп койгондугу үчүн, кечээ күндөн баштап Курманбек Бакиевдин беделин ылдыйлата турган, жалаа-жапкан макалалар «Вечерний Бишкекте», КООРТто айтылып, жазыла баштады. Айтып коёюн, мурда «Правда» деген гезит болор эле, ошол «Правдага» чыккан макала чындыктын туу чокусундай каралчу. Бүгүнкү күндө КООРТ телесинде чыккан кабар, «Вечерний Бишкек» гезитине жазылган макала илгерки «Правда» гезитиндегидей эле күчкө ээ. Себеби, ал президент Аскар Акаевдин жакындарына таандык. Ырас, андай болгондон кийин «Курманбек Бакиевди гөөлөмөй пикир Акаевдин үй-бүлөсүнө таандык» деп мен ачыктан ачык айталам. «Азимбек Бекназаровдун Аксыдагы чыккан чатагынын артында Бакиев турат» деген жалаа жаап жатышы туура эмес. Акыры мындай боло турган болсо, анда «келечекте ким болосуң?» десе, «мен президент болом» деп айткан бакчадагы баланы да гөөлөгөн, камаган заман келатканы мени кейитүүдө. Акыры Данияр Үсөнов, Феликс Кулов, Ишенбай Кадырбеков, Курманбек Бакиев кыргыз элине эртедир-кечтир кереги тийе турган балдар да. Президент болом деп тилек кылып айттыбы, ошон үчүн эле белин мертинтип чаба берсе, анда катуулашып кетишибиз мүмкүн.

- Сиз «Вечерний Бишкек» гезити менен КООРТ телесин Адил Тойгонбаевге тиешелүү деп жатасыз. Бирок ырасмий документтерде ал экөө тең Адил Тойгонбаевге эч кандай тиешеси жок деген маалыматтар бар эмеспи?

- Эми, шибегени капка каталбайсың. Ушундайларды билгеним үчүн мен соттоштум, айыпка жыктым булардын журналисттерин. Ошондо сотто деле Адил Тойгонбаев кожоюну экени ачыкка чыккан. «Вечерний Бишкек» гезитин ким тартып алганын гезиттин мурунку кожоюнунан сурап алсаңар болот.

- Дооронбек мырза, келаткан президенттик жарыш сиз айткандай эмес, таптакыр башка сценарий менен өтөт деген көз-караштар бар. Ошондуктан, азыркы айткандарыңыз бекер эле сөз болуп калаар?

- Элди шайлатпайт. Тышкы көрүнүшүн жалпы элдики деп коет. Бирок, баары бир, бюллетень уурдаган жагынан, добуштарды жасаган жагынан Шериктеш мамлекеттердин бири дагы Кыргызстанга жетпейт. Менимче, Аскар Акаев бийликте калуунун башка жолдорун издейт. Эгерде таптакыр эле болбой Америка, же Орусия кийлигишип туруп алса, анда аламанга салбастан, элге жаккан адамды бийликке келтирбей, Акаевдин тегерегиндегилерин, жанжөкөрлөрүнүн кызыкчылыгын сактай турган адамды алып келүүгө аракеттер жасалат. Буга ишенип койсоңор болот. Анан жок дегенде өзүнүн жанжөкөрлөрүнө берсе дагы, бийлик кан төктүрбөй, биздин каныбызды кызыттырбай, аймак-аймак деп топко бөлбөстөн, кыргыздын ынтымагын сактай турган жолдор менен берип кетсин. Ошонун барын жасап жатканда жок дегенде бейкүнөө адамдардын бетине көө сыйпай бербей, аларга жалаа жаппастан жөн өткөрүп берсе жакшы болот эле.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG