Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

ГРУЗИЯ ЖАҢЫРЫГЫ, АСКАР АКАЕВДИН БАТЫШТАГЫ ИШ САПАРЫ, ОРОЗО АЙТ МАЙРАМЫ, ДЕМОКРАТИЯЛЫК КОДЕКС ОКУУСУ


Өткөн аптанын соңунда Грузияда өткөн тынч-аман бийлик алмашуу кыргыз коомчулугунда кызуу талаш-тартышты жаратты. Азыркы бийликтин каршылаштары элден озунуп грузиялык кесиптештерине куттуктоо кат жолдошту. Бул аптада жамы мусулман журтунун ыйык Орозо айт майрамы өттү. Президент А.Акаев Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин мүчөлөрү менен жолугуп, Демократиялык кодексти дүйнөгө жайылтууну сунуш кылды. Андан соң президенттин Норвегия менен АКШга иш сапары башталды.

Бул аптанын негизги саясий окуясы Грузиядагы бийликтин тынч-аман башка колго өткөрүлүп берилиши болду окшойт. Башта бир өлкөнүн ичинде чогуу жашаган Грузияны эки доордо тең башкарып келген Эдуард Шеварднадзе калктын кысымынан чочуп, бийлигин таштап кетүүгө мажбур болду. Тбилисиден келген бул кабарды кыргыз оппозициясы өзгөчө кубаныч менен кабылдады. Ошондонбу, ушу азыркыга дейре саясий чөйрөдө президенттин бийлигин бир колдон экинчисине тынч өткөрүп берүү тууралуу жоромол кеп түгөнө элек. Антишке биралдын Азербайжанда президенттин ордун баласы ээлеп калганына кыйла ындыны өчө түшкөн Борбор Азиядагы бийлик каршылаштарынын чечекейин чеч кылган Грузиядагы кансыз төңкөрүш себеп болду көрүнөт.

Жаңы грузин бийлигине биринчилерден болуп куттуктоо кат жөнөткөн «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев мындай деди:

- Грузиянын үлгүсү Союз кыйрагандан кийинки пайда болгон, диктатуранын ар кандай түрлөрү үстөмдүк кылып турган мамлекеттерге да түздөн-түз таасирин берип, «эртең-бүрсүгүнү биз дагы куулабызбы, биз дагы оонап түшөбүзбү» деп булар абдан коркуп атышат.

Ушундай эле пикирди парламент депутаты Азимбек Бекназаров да мындайяа ачыкка чыгарды:

- Бизде оппозиция эл менен көп учурда бирге болбойт да. Алар бийликти сындоо менен гана чектелишет. «Кетиш керек, антиш керек, минтиш керекти» айтуу менен гана чектелишет. Алар калың элдин арасына бара алышпайт. Ушул кемчиликтерин азыр оппозиция билди.

25-ноябрда Кыргызстанда Орозо айт майрамы белгиленип, ал республика боюнча дем алыш күн болуп жарыяланды. Кыргызстандык мусулмандарды президент А.Акаев куттуктады.

- Даанышмандардын «ыйман-ынсаптуу, акылы терең, аң-сезими кенен элдин келечеги жаркын, ырысы белен болот» деген оюн эске алганда, ой-тилегибиз сөзсүз ордунан чыгат деп ишенем, - дейт президент Орозо айт майрамына багыштаган куттуктоосунда.

Ушул эле күнү президент А.Акаев Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин мүчөлөрү менен жолугушту. Демократиялык кодексти жалпыга жайылтуу, аны кыргызстандыктардын колдон түшпөс китебине айлантуу милдетин айта келип, президент Грузия менен Азербайжандагы соңку окуяларга да токтоло кетти.

- Постсоветтик мейкиндеги, Азербайжандагы, Грузиядагы кырдаалга баам таштай олтуруп, мен 2004-жылы ушундай жагдай Украинада, башка өлкөлөрдө да түзүлүшү мүмкүн деп ойлоп атам. Бул жерде мен бүгүн Демократиялык коопсуздук кеңеши кандай маанилүү роль ойноорун жаңыча сезип отурам. Эгер биз анын толук кандуу, жаратман ишмердигин жакшы жолго сала алсак, КМШ өлкөлөрүндөгү шайлоо өнөктүгүн коштоп келаткан тескери жагдайды 2005-жылы өзгөртүүгө жетишибиз ыктымал, - деп айтты президент А.Акаев.

26-ноябрда президент А.Акаевдин Норвегияга расмий иш сапары башталды. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин айтымында, Аскар Акаев Норвегиянын жетекчилиги менен жолугуп, экономикалык алака-катыштарды жолго коюу туурасында пикир алышмакчы.

Жума күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин демилгеси менен түзүлгөн Консультациялык кеңеш Шайлоо кодексине киргизилчү алымча-кошумчаларды камтыган жаңы мыйзам долбоорун талкуулады. Төраганын ырастаганына караганда, Грузиядагы соңку окуялардан кийин Кыргызстанда өтүүчү шайлоого кызыгуу күчөйт.

Грузиядагы бийликтин тынч-аман алмашуусунун сабактарына «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Фелик Кулов да кайрылды. Аны түрмөдөн бошотуу талабын коюп, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү 27-ноябрда Өкмөт Үйүнүн алдына пикетке чыгышты. Нааразылыгын ачык билдиргендер Куловду куугунтуктоону токтотуп, аны боштондукка чыгаруу талабын коюшту.

XS
SM
MD
LG