Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

ГРУЗИЯ: АРМИЯ ИЧКИ САЯСИЙ ИШТЕРГЕ АРАЛАШПАЙТ


Эми Грузиядагы окуялар жөнүндө сөз кылабыз. Соңку күндөрү баш калаа Тбилисиде айырым аскерий төбөлдөр жаңы жетекчиликке нааразылык иретинде төңкөрүш даярдап жатышат деген каңшаар кеп тарай баштады. Кээ бир саясий партиялар да келээрки президенттик шайлоону бойкоттой турганын айтышууда. Убактылуу президент Нино Буржанадзе болсо Грузиянын автономиялуу жумурияттарынын жетекчилерин чогулткандыгы үчүн Москвага нааразылыгын билдирди.

Ишемби күнкү пресс-конференцияда Грузиянын коргоо министри Давид Тевзадзе куралдуу күчтөр арасында президент Шеварднадзенин отставкасына байланыштуу айрым нааразычылк бар экенине карабай, армия ички саясий иштерге кийлигишпейт деп жарыялады:

- Бүгүн эртең менен мурунку аскерий төбөлдөрдүн айрымдары соңку окуяларга нааразы болуп, жаңы бийликти колдобой тураары жөнүндө маалымат түштү. Ал азыр иликтенип жатат. Кээ бир кишилер ошол күчтөр армияны саясатка аралаштырып жиберишет деп чочулап жатышат. Мен дагы бир жолу кайталап кетет элем. Армия – бул ички саясий араздашууларды жөнгө салуучу инструмент эмес. Аскерлердин негизги милдети - өлкөнү тышкы душмандардан коргоо болуп эсептелет.

Бир нече күндөн бери баш калаа Тбилисиде куралдуу күчтөр жаңы жетекчиликке каршы акцияларды пландаштырып жатат деген имиштер пайда болду.
28-ноябрда оппозиция лидери Михаил Саакашвили айрым адамдар контрреволюция даярдап жатышат деп, өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн тынчсыздануусун билдирди.

Чындап эле, бардык эле саясий күчтөр Шеварднадзенин отставкасын, андан кийинки өзгөрүүлөрдү кубатташты деп айтуу кыйын.
Ишембиде Жумушчу партиясынын лидери Шалва Нателашвили анын партиялаштары 4-январга белгиленген президенттик шайлоону бойкоттой турганын жарыялады. Анын пикиринде, президенттик добуш берүүнүн датасын 2-ноябрда шайланган жаңы парламент аныкташы керек эле. Грузиянын Жогорку соту болсо парламенттик шайлоонун жыйнтыктарынын бир бөлүгүн жокко чыгарган эле. Ошол жыйынтыктарга ылайык, “Грузиянын Робин Гуду” деген атка конгон Нателашвилинин партиясы 4-орунга ээ болгон.
Акыркы кабарга караганда, ишемби күнү кечинде Жумушчулар партиясынын Тбилисидеги баш кеңсесинин жанында жардыруу болду. Полициянын айтымында, андан имараттан башка жабыркагандар болгон жок.

Ажария, Абхазия жана Түндүк Осетиянын жетекчилиги да Шеварднадзенин кызматтан кетишинен кийин тынчсыздана башташты. 29-ноябрда үч лидер Москвада сүйлөшүү өткөрүштү. Абхазиянын премьер-министри Рауль Хажимба Грузиядагы саясий өзгөрүүлөргө карабай, анын аймагы эгемендүү кала берүүнү көздөйт деп ырастады:

- Биз окуялар башталганда эле аскерлерди, тартип коргоо органдарын күчөтүлгөн режимге келтирдик.

Грузиянын утурмудук мамлекет башчысы Нино Буржанадзе Москвадагы жолугушуу жаңы жетекчилик тарабынан санаркоо жана кыжырдануу менен кабыл алынганын айтса, Мамлекеттик министр Зураб Жвания Кремилдин мындай кадамын достук мамиле деп атоо кыйын деген пикирин кошумчалады.

Ошол эле ишемби күнү Буржанадзе өлкөнүн Шайлоо комиссиясынын жаңы төрагасын дайындады. Зураб Киаберашвили буга чейин “Адилет шайлоо” аттуу көз карандысыз топту жетектеп келген.

Кечинде болсо Буржанадзе айым НАТО боюнча америкалык өкмөттүк эмес комитеттин жетекчиси Брюс Жэксон менен жолугушту.

Жэксон:
- Мен президентке Грузияда соңку апта ичинде болгон кансыз жараяндан улам, Вашингтон жана Европалык коомчулук тарабынан көрсөтүлгөн терең симпатия жана колдоо жөнүндө айтып берүүгө мүмкүнчүлүк алдым.

Америкалык өкүл ошондой эле Буржанадзе жакынкы арада АКШнын Мамлекеттик катчысы Коллин Пауэл менен жолугушаарын, эмки жумада Тбилисиге Кошмо Штаттары менен Европа Биримдигинен жогорку даражалуу делегация келээрин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG