Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

ЖАПОНИЯ ЖАНА ИСПАНИЯ ИРАКТА ӨЗ ИШИН УЛАНТАТ


Ирактагы соңку уруштарда 50дөн ашык согушкер жок кылынды. Америкалык өкүлдөрдүн маалыматына караганда, согушкерлер ири өлчөмдө акча алып бара жаткан аскерлердин кербенине кол салган жана алардын көпчүлүгү Саддам Хусейндин федаиндери деп аталган аскерий топтун кийими менен жүрүшкөн. Бул окуялардын алдында, Иракта АКШнын коалиция боюнча өнөктөштөрүнүн атуулдары да киши колдуу болгон эле. Испания менен Жапония өз жарандарын жоготконуна карабай, Иракты калыбына келтирүү ишине катыша берээрин ырасташты.

Иракта акыркы күндөрү орун алган көрүнүштөр АКШны коалиция боюнча өнөктөштөрүнүн колдоосунан арылтуу максатын көздөгөн кампания уланып жатканын далилдегенсиди. Маселен, өткөн ишембиде өзүнүн чалгын кызматынын жети өкүлүн жоготкон Испания - АКШнын Саддам Хусейндин режимин бийликтен кулатуудагы аскерий коалициясына кирген негизги өнөктөштөрүнүн бири. Учурда Иракта 1300дөй испан аскери бар. Ал эми эки дипломатынан айрылган Жапония - жакында Мадридде өткөн эл аралык конференцияда Иракты калыбына келтирүү ишинде АКШдан кийинки эле негизги донор болоорун жарыялаган жана бул жакка өзүнүн бейпилдик күчтөрүн жиберүү маселесин караштырып жаткан өлкө.

АКШнын Ирак саясатын такай колдоп келе жаткан Испанияда коомдук пикир жалпысынан согушка каршы эле. Акыркы кандуу окуя испандар үчүн күтүлбөстүк болбогону менен өлкөнүн саясий чөйрөлөрүндө Ирак маселесинин кайрадан талкуулануусун шарттагансыды. Испан оппозициясынын айрым өкүлдөрү өкмөттү аскерлерди мекенине кайтарууга чакырды. Өлкөдөгү солчул басылмалар да АКШ баштаган коалицияга кошулганы үчүн Испания жогору кун төлөп жатканын жазышты. Анткен менен испан өкмөтүнүн башчысы Хосе Мария Азнар анын өлкөсү Ирактагы иштерге катышууну уланта берээрине ишендирүүдө. Ушундай эле мүнөздөгү билдирүүнү жапон расмий өкүлдөрү да жасашты. Жапон премьер-министри Дзюнитиро Коидзуми:

- Жапониянын позициясы мурдагы эле бойдон калат. Коргонуу күчтөрү, атуулдар, мамлекеттик чиновниктер болсун Иракты калыбына келтирүү үчүн талап кылынгандын баарын жасайт. Бирок, биз фактыларды тактап, кырдаалды иликтешибиз жана ал жерде коопсуздук менен коргонууну жакшыртышыбыз керек.

Испандар менен жапондордун соңунан жекшемби күнү Иракта Түштүк Кореянын эки жана Колумбиянын бир жараны киши колдуу болду. Алар да Иракты калыбына келтирүү ишине тартылган фирмаларда контракттык негизде иштеп жаткан кызматчылардан эле. Түштүк Кореянын президенти Но Му Хен буга байланыштуу мындай деди:

- Аскер эмес кишилерге каршы багытталган мындай аракеттер - адамкерчиликсиздик жана кабыл алынгыс.

Ал эми жекшембинин кечинде өлкөнүн түндүк тарабындагы Самарра деген шаарда орун алган кагылышуулар Саддам Хусейндин режими кулагандан берки эң чоң уруш катары мүнөздөлүүдө. Буктурмада турган согушкерлер Ирактын улуттук валютасын ири өлчөмдө алып бара жаткан америкалык аскерлердин кербенине үч жерден кол салышкан. АКШ армиясынын өкүлдөрү чабуул жакшы координацияланганын белгилешти. Согушкерлердин мизин кайтаруу үчүн америкалык аскерлер танктарды, артиллерияны да пайдаланышкан. Натыйжада
54 согушкер жок кылынып, 8и туткундалды. Алар жашырынган имараттар да талкаланды. Америкалык аскерлердин арасынан бешөөсү жарадар болгон.
Белгилеп кетчү жагдай - кол салгандардын көпчүлүгү «Саддамдын федаиндери» деп аталган топтун кийими менен жүрүшкөн экен.

Баяндамачылар ушул фактыга көңүл бурушууда. Саддамга жантарткан согушкерлер кайрадан мурдагы формалары менен чыгуу аркылуу, балким, америкалык аскерлерге жана ирак коомчулугуна алар эски режимди кайтаруу үчүн өңү - түсүн жашырбай эле күрөшүүгө жөндөмдүү экенин көргөзүп жатышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG