Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

ФЕДАИНДЕР ИРАКТА КАЙРАДАН ПАЙДА БОЛДУБУ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Өткөн жекшембиде Ирактын Самарра шаарында эки америкалык аскердик колонна федаиндердин формасын кийген жоон топ согушкерлердин чабуулуна дуушар болгон эле. Ал согушкерлер федаиндер, же федаиндин киймин кийген башка бир аскердик бөлүктөр болгондугу белгисиз. Бирок эки ортодо болгон айыгышкан салгылашуу Саддам Хусейинге берилген топтор ири аскердик операцияларды ишке ашырганга кудуреттүү экенин айгинеледи.

АКШнын Ирактагы аскердик өкүлдөрү жекшемби күнү Самарра шаарында орун алган салгылашуулар коалициялык аскерлер Иракты басып алгандан берки эң айыгышкан кагылышуу болгондугун айтышат. 100гө жакын куралчан согушкер Самарра шаарында америкалык аскердик колонналарга буктурмадан кол салган.Саддам Хусейиндин “федаиндер” (“атажурт үчүн башын байлагандар”) аттуу тандалма бөлүктөрүнүн кара формасын кийгендер колоннаны үйлөрдүн жер төлөөлөрү менен чатырларынан аткылашкан. Бирок америкалык аскерлердин ылдам аракеттенгенинин натыйжасында кол салуунун мизи кайтарылды.

Оор аскердик техниканын катышуусу менен жүргөн айыгышкан салгылашта америкалык аскерлер 54 согушкерди жок кылып, 8ин туткунга түшүргөнүн маалымдашат. Бирок жергиликтүү элдин айтымында, урушта 10 чакты эле киши курман болгон, алардын көбү салгылашууга эч тийешеси жок карапайым кишилер. Америкалык тараптан беш киши жараат алгандагы маалымдалды, алардын бирөө - аскер эмес адам болгон.

Америкалык аскердик өкүл Фредерик Рудесхайм кол салуу алдын ала даярдалып, ишке ашырылганын мойнуна алат:

- Биздин ойубузча, акыркы кол салуу алдын ала жакшылап даярдалган чабуул болду. Алар бизди Ирактын жаңы акчасын ташып баратканыбызды алдын ала билип, эки колоннага тең чабуул жасашкан.

Америкалык аскерлер кол салгандардын көбү Саддам Хусейиндин өлүмгө баш байлаган федаиндеринин чылгый кара түстөгү формаларын кийип алышканын айтышат. Ушуга байланыштуу "толук жок кылынды" деп эсептелген федаиндер кайрадан түзүлө баштаганбы, же бул оккупациялык күчтөргө каршы күрөшүп жаткан согушкерлердин жалпыны сестентүү үчүн гана колдонгон амалыбы? - деген суроо пайда болду.

Саддам Хусейиндин учурунда кара таандай жабылган федаин аскерлери өлкөдөгү этностук козголоңчуларды жана диктатор менен анын үй бүлөсүнө кол салганга катышы бар деп шектелген көп сандаган кишилерди жазалоонун негизги куралы болгон. "Кылмыш кылган" деген шек менен режим, айрым учурда, бүтүндөй бир аймактын кыштактарын жазалаткандыктан, федаиндер карапайым калктын жүрөк үшүн алып бүткөн эле.

Буктурмадан капыстан кол салып, "тийип-качуу" тактикасын колдонгон партизандар адатта форма кийишпейт. Бул аларга душманга чабуул жасаган соң, карапайым эл ичине кирип, “көздөн кайым” болгонго мүмкүндүк берет. Ошон үчүн согушкерлердин федаинче кийингенин лондондук эксперт Пол Корниш "душманды эле эмес, жергиликтүү карапайым калкты да сестентип, элди өздөрүн колдоого аргасыз кылуу амалы" деп сыпаттайт:

- Менин көз карашымда, алар бул тактикасы менен элге сес көрсөткүсү келет. Аскердик форма кийип, чабуулга кадимкидей даяр турганын көргөн элге бул, арийне, абдан чоң таасир этет.

Сөз болуп жаткан жоочулар федаиндер болобу, же башка куралчан топ болобу, алардын Ирактын жаңы акчасын ташып бараткан аскер колоннасына тийип, катылган соң качып жоголбостон, узак салгылашууга туруштук кылганга аракеттенгени согушкерлердин өз күчүнө болгон ишеними кыйла артканын көрсөтөт. Айрым байкоочулар, ал тургай, өздөрүн кыйла кудуреттүү сезген Саддамдын тарапкерлери кадимки жакшы уюшулган аскердик бөлүктүн түспөлүндө "кайра жаралып" жаткан жокпу?- деген суроо беришет. Айтор, согушкерлердин барган сайын дурусураак уюшкандыкта жасалып жаткан кол салуулары аларды жок кылуу оңой боло койбосун айгинелеп турат.

Америкалык аскердик жетекчиликтин ноябрдын соңунда жарыялаган көрсөткүчтөрүнө караганда, өткөн ай согуш "негизинен бүттү" деп жарыяланган 1-майдан бери эң көп жоготуулар болгон ай болуп калды. Ноябрда Иракта америкалык 83 солдат курман болду. Салыштыруу үчүн белгилей кетели, согуш кычап турган апрель айында Иракта 73 америкалык жоокер мерт болгон.

XS
SM
MD
LG