Ирактагы америкалык жетекчиликтин айтымында, акыркы мезгилде коалициялык аскерлерге каршы күчөп бараткан чабуулдарды Иззат Ибрагим ад-Дури аттуу адам уюштуруп жатат жана анын башы үчүн 10 миллион долларлык сыйлык жарыяланды. 2-декабрда америкалык аскерлер өлкөнүн түндүгүнө чабуул жасап, ад-Дурини кармоого аракеттенген жана кээ бир алгачкы маалыматтар боюнча, ал кармалган. Бирок колго түшкөн жыйырмадай согушкердин ичинде ад-Дури жок болуп чыкты.
30-ноябрда Самарра шаарында орун алган куралдуу кагылышуу болсо, согуш аяктагандан кийинки мезгилдеги эң ири салгылашуу болду. Ал 13 саатка уланды жана америкалык жетекчиликтин айтымында, анда 54 согушкер өлтүрүлдү. Бирок өлгөндөрдүн бир да денеси журналисттерге көрсөтүлгөн жок жана жергиликтүү калктын айтымында, болгону он чакты гана адам өлгөн жана алардын көпчүлүгү - жергиликтүү карапайым тургундар.
Америкалык генерал Марк Киммиттин айтымында, өлгөндөрдүн денелерин душман чогултуп кеткен сыяктуу. Франциялык "Либерасьон" гезитинин жазганына караганда, согушкерлер америкалыктарга каршы ар башка жерден кол салган жана ага жооп катары шаар абадан бомбаланган, ошондуктан карапайым элдин арасында өлгөндөр көп болду. Мисал үчүн, мечитте намаз окуп отурган үч адам өлдү жана жарадар болгондорду шаардык ооруканага алып келген төрт машинеге ракета тийди. Чабуулга танктар, аскерий учактар жана тик учмалар катышкан. Шаардын дары-дармек чыгаруучу заводуна да ракета тийгендиктен, эки жумушчу набыт болуп, дагы бир нече адам жараа алды.
Америкалык жетекчиликтин айтымында болсо, куралдуу кагылышуу ирактык согушкерлер менен гана болгон. Полковник Фредерик Рудесгеймдин айтымында, алардын аракеттери бир жерден уюштурулган: "Биздин ишенимибизде, ал уюшулган аракет болчу. Аны башкача түшүнүү кыйын. Биздин аскерлер жаңы акча алып келгенин билип, алар буктурма уюштуруп, ал эки колоннага тең бир мезгилде чабуул жасаган".
Ирактагы мындай аракеттер партизандык согушка окшошуп бараткандыктан, кээ бир эксперттер азыркы абалды Виетнамдагы согуш менен салыштыра баштады. Виетнамдагы аскерий аракеттерди дагы 1964-жылы америкалык жетекчилик Түштүк-Чыгыш Азия аймагында демократия орнотуу максатында баштаган. Бирок Виетнамдагы абалды жана согуш кандай нукта өнүгө тургандыгын АКШнын коопсуздук кызматтары туура эмес баалаган. Ирактын кеңири кыруучу куралдары тууралуу америкалык маалыматтар дагы азырынча ырастала элек жана Багдадга каршы согуш баштап жатканда, АКШ коргоо министрлиги мүмкүн боло турган партизандык согушка эмес, химиялык чабуулга көбүрөөк даярданган.
Тогуз жыл ичинде Виетнам согушуна үч миллион америкалык жаран катышкан. Бир мезгилде өлкөдө эң көп дегенде 543 миң америкалык аскер болгон. Аларга Австралия, Жаңы Зеландия, Тайланд, Түштүк Корея жана Филиппиндин аскерлери көмөк көрсөткөн. Иракта согуш учурунда 300 миңге жакын америкалык аскер топтолгон, азыр аларга Голландия, Испания, Италия, Мажарстан, Польша, Румыния, Сальвадор, Словакия, Тайланд, Украина, Улуу Британия, Филиппин, Чехиянын жарандары жардамдашууда. Тогуз жыл ичинде Виетнамда 58 миң америкалык аскер курман болгон, Иракта тогуз айдын ичинде 440 америкалык аскер өлдү.
Бирок Иракта партизандык согуштун жайылып кетишине тоскоолдуктар да бар. Виетнамдын аймагы Ирактыкынан аз, бирок калкы үч эсе көп болчу. Экинчиден, Виетнамдын токойлору партизандык согуш үчүн өтө ыңгайлуу шарт түзгөн, Ирактын чөлдөрүндө андай аракеттерди уюштуруу кыйын. Эң негизгиси болсо, Виетнамга СССР, Кытай жана башка өлкөлөр жардам көрсөткөн, Ирактын кулатылган жетекчилиги андай эл аралык колдоого ээ эмес. Анткен менен, Ирактын согушкерлерине чет өлкөлүк өкмөттүк эмес уюмдар жана эл аралык террордук түзүлүштөр жардам көрсөтүүдө.