Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:34

КИШИ САТУУГА КАРШЫ КҮРӨШ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨЗ ИШИН ЖЫЙЫНТЫКТАДЫ


4-декабрда Бишкекте киши сатууга каршы күрөш боюнча үч күнгө созулган эл аралык конференция өз ишин жыйынтыктады. Ага Борбор Азиядагы беш мамлекеттин, Орусиянын жана Украинанын өкүлдөрү катышты. Конференция эл аралык кылмыш топторунун жолун бөгөө үчүн мамлекеттердин күч органдары биргелешип аракеттенүүсү керек деген жыйынтыкка келишти. Жыйындын катышуучулары бул багытта иштеп чыгышкан сунуштарын мамлекет жетекчилерине жолдомок болушту.

Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өткөн жыйындын катышуучулары төрт багыт боюнча сунуштарды иштеп чыгышты. Конференциянын биринчи сунушу - киши сатууга каршы биргелешип күрөшүш үчүн мамлекеттер аралык келишимдерге кол коюлушу зарыл. Андыктан, алгач, андай документтердин долбоорлорун иштеп чыгыш керек. Экинчиси – мамлекеттердин киши сатууга каршы күрөшүүсүн жетекчиликке алып туруучу органды түптөө маселеси. Жыйындын катышуучулары үчүнчү сунуш катары бирдиктүү маалымат корун түзүү зарыл деген жыйынтыкка келишти. Төртүнчү сунуш киши сатууга каршы күрөш багытында иштеген кадрларды даярдоо маселесине байланыштуу болду.

Кыргызстандагы Социалдык технологиялар боюнча агенттиктин өкүлү Анара Молдошеванын айтымында, кадрлар тың болбосо уюшкан кылмыш топторуна каршы майнаптуу күрөшүш мүмкүн эмес.

- Кадрлар бирин-бири түшүнүшү керек. Проблема тууралуу бирдей түшүнүктүн калыптанышы кылмыш топторун аныктоо, иликтөө жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү ишине жакшы өбөлгө түзөт, - дейт Анара Молдошева.

Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандын түштүгүндөгү өкүлү Кудрат Каримовдун сөзүнө караганда, эми кылмыш топторунун торуна түшүп калгандар ошол өлкөнүн аймагында жайгашкан Шериктеш мамлекеттердин элчиликтеринин кайсынысына болбосун кайрылса болот:

- Биз бүгүн ушундай механизм иштеп чыктык. Ага ылайык, киши сатуунун курмандыгы болгондорду үйүнө алып келүү ишинде бири-бирибизге жардам беребиз.

Кудрат Каримовдун маалыматы боюнча, жыйынга катышкан мамлекеттердин укук коргоо жана чегара органдары мындан ары жасалма паспорт менен кармалган атуулдар тууралуу маалыматтарды дароо бири-бирине билдирип турушмак болду.

Конференциянын жүрүшүндө Украинада киши сатууга каршы мыкты иштер жасалып келатканы белгиленди. Эл аралык миграция уюмунун Украинадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Оксана Моргунованын сөзүнө караганда, акыркы үч жылда киши сатуунун курмандагы болгон миңден ашуун кыз-келиндер чет мамлекеттерден өз үй, өлөң төшөгүнө кайтарылып, алынып келинди.

- Статистиканын тили менен айтканда киши сатуу боюнча 500дөн ашуун кылмыш иши козголду. Соттолгондор да бар. 2000-жылы Ички иштер министрлигинин курамында киши сатууга каршы күрөш боюнча атайын башкармалык ачканбыз. Анда азыр эки жүздөн ашуун кызматкерлер иштешет.

Украинанын өкүлү Оксана Моргунованын мындай маалыматынан кийин «ал эми Кыргызстандагы абал кандай болду экен?» деген суроого жооп издедик. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин бөлүм башчысы Мырзабек Исмаиловдун айтымында, жыл башынан бери киши сатууга байланыштуу 22 гана кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин минтип аз ачылып жатканынын себебин Мырзабек Исмаилов мындай чечмеледи:

- Жабыркагандардын 80-90% айрым себептер менен бизге кайрылышпайт. Буга биздин элдин менталитети да өз таасирин тийгизип жатат. Ошол себептен, киши сатуучу кылмышкерлер өз жазасын албай келатышат.

Мырзабек Исмаилов Ички иштер министрлигинде киши сатууга каршы күрөшө турган атайын бөлүмдүн жоктугун белгилеп, «мен бул тууралуу сунушумду жетекчиликке айтам» дейт.

Жогорудагы маектешибиз Анара Молдошева чет мамлекетке иш издеп, жер кезип кетүүнүн өзү эле өлкөдө адам укуктарынын бузулуп жатканынын айкын белгиси дейт:

- Анткени, Орусиядагы 500 миң кыргызстандыктар деген эмне? Бул деген татыктуу иш таап бербеген өкмөткө каршы 500 миң киши нааразычылык билдирип, көчөгө чыкпайт деген кеп да, - дейт Анара Молдошева адам сатуу маселесинин саясий өзгөчөлүктөрү тууралуу.

XS
SM
MD
LG