Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:17

Жакынкы Чыгыш боюнча бейрасми план түзгөндөрдү Кофи Аннан кабыл алды


Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча бейрасми пландын авторлору Израилдин мурдагы укук министри Йосси Бейлин жана Палестинанын мурдагы маалымат министри Ясир Абед Раббо кечээ күнү Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан менен жолугушту. Раббонун айтымында, "Баш катчынын туруму бизге чоң колдоо болду. Анын айтымында, мындай демилгелер караңгыда пайда болгон жарыкка окшош, анткени биздин региондо уланып жаткан мыйзамсыз аракеттер элде эч кандай үмүт калбай калгандай абалга жетти." Анткен менен Аннандын айтымында, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу багытында мурдагыдай эле "Жол картасы" аттуу план негизги документ бойдон калат. Бейлин менен Раббо кечээ күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен дагы жолукту.

XS
SM
MD
LG