Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:12

БҮГҮН ОРУСИЯДА МАМЛЕКЕТТИК ДУМАГА ШАЙЛОО ЖҮРҮП ЖАТАТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бүгүн Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы - Мамлекеттик думага шайлоо өтүп атат. Биринчи болуп Камчатка, Чукотка жана Коряк автономиялык аймактарынын тургундары добуш беришти. Орусияда бүгүн 109 миллион киши шайлоого барууга тийиш. Алар төмөнкү палатага баш-аягы 450 депутат тандашы керек. Шайлоонун жүрүшүнө ЕККУдан тартып, КМШ мамлекеттерине дейре, ошондой эле Европалык Кеңеш жана эл аралык укук коргоо уюмдарынан 1200дөн ашуун өкүл көз салышууда.

Орусияда күттүргөн 7-декабрь да келип, парламенттин төмөнкү палатасына депутаттарды тандоо өлкөнүн Ыраакы чыгышынан башталды. Кечөөтөн тартып партияларга жана талапкерлерге үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган. Өлкөнүн ыраккы чыгыштык аймагында эртең мененки саат 8ден тартып шайлоочулардын добушун жыйноо башталды. Алгач болуп чукоткалык №223-чөлкөмдө шайлоо башталды. ИНТЕРФАКС кабарлаганга караганда, Чукоткада Мамдумага 4 депутаттык орун үчүн ат салышууда жана Анадырь калаасынын мэри да шайланат.

Бүгүн Орусияда Мамдумага баш аягы 450 депутат шайланышы керек. Борбордук шайлоо комитети билдиргенге караганда, федералдык округ боюнча депутаттык орунду талашууга 3 миңге чукул талапкер катышып атат. Алардын атын аныктоого 23 партия жана блоктор катышууда. Ошондой эле бир мандаттык округдарда депутаттык орунду 2 миңдей киши талашууда.

Шайлоого баруучу катары каттоого алынган атуулдар эсеби 109 миллион адамдан турат.

Орусияда жашап аткан кыргыздардын пикирин билүү үчүн Маскөөдөгү Бауман атындагы университетте сабак берүүчү окумуштуу Мамат Акжолов мырзага телефон чалдык.

- Сиз бул элдин атуулу катары шайлоого катышкандырсыз…

- Жок, катышкан жокмун. Себеби катталган жерим алыс, шайлаган жерим – башка. Ага барып келиш үч саат убакытты алат. Бул - биринчи себеп. Экинчи себеп – катышсам-катышпасаш деле маселе чечилбейт.

- Ошондой болсо да, азыркы чыгаан партиялардын кимисине көбүрөөк жан тартып атасыз?

- Негизинен, бул партияларга деле кызыкпайм. Өз ишим менен алекмин. Албетте, бийлик колдогон партия күчтүү болот да. Экинчи күчтүү уюм – бул коммунисттердин партиясы болуп турат.

- Менин баамымда, Сиздин саал кайдигер караганыңыз, майда улуттардын добуш бергенине орустардын анча маани бербегенинен улам болуп аткандыр? Же мен туура эмес түшүнүп атамбы?

- Сиз туптуура түшүнүп атасыз. Эгер ошол өлкөдө жашаган майда улуттардын добушуна кызыккыдай саясат болсо, анда бир жөн эле. А бул орус эли үчүн биздей элдин добушу көлгө түшкөн бир тамчыдай нерсе. Ошол эле учурда биздин да добуш бар, биз уюшуп ага жеткире алабыз деген демилге майда улуттардын өзүнөн башталышы керек. Аны баштаганга мына ушул жерде жашаган кыргыздар уюшуп, ошондой ниетин өкмөткө жеткиргидей уюм болушу керек. Андай уюм бизде жок, - деди Акжолов мырза.

Президент Владимир Путин жубайы Людмила Путина экөө Маскөөдө эртең менен саат 9дан өткөндө Воровьевы горы деген жайдагы №2039-шайлоо бөлүмүнө келип таш салышты. Журналисттердин суроосуна учкай жооп берүү менен орусиялык лидер бүгүнкү саясий окуяга мындай баасын айтты:

- Шайлоо – бүгүнкү күндүн эң башкы жумушу. Ошон үчүн мен шайлоо бөлүмүнө эрте келдим.

Андан ары Людмила Путина кепти алып, Владимир Владимирович баккан канчык алтүндө күчүктөгөнүн айта кетти.

Орусияда ушул саатка дейре шайлоонун өтүшү тууралуу айтсак, бир гана Сибирдеги Тында калаасындагы №754-шайлоо бөлүмү өрттөнүп кеткени болбосо, дээрлик тынч өтүүдө деген кабар келүүдө.

Бул жолу Мамдумага депутаттарды иргөөдөн сырткары Орусиянын 11 субъектисине аткаруу бийлигинин башчыларын – ал аймактардын губернаторлорун да шайлоо өтүп атат. Башкортостанда президенттик шайлоо өтүүдө. Андан сырткары Орусиянын 7 субъектисинде жергиликтүү мыйзам чыгаруу бийлигинин депутаттарын да шайлоо өтүп атат.

XS
SM
MD
LG