Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

ОРУСИЯДАГЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООНУН АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва шаары. Кечээ, 7-декабрь күнү Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы – Мамлекеттик думага шайлоо өттү. Анын алгачкы жыйынтыктары көрсөткөндөй, Орусиянын реформаторлорунун таасирдүү партиялары жаңы парламентке кирбей калышы күтүлөт.

Орусия атуулдары өз өлкөсүнүн келээрки төрт жылдык тагдырын аныктай турган парламентин тандоого жигердүү катышышты деп айтканга болот. Шайлоо күнүнүн экинчи жарымында эле өз тандоосун добушу аркылуу аныктагандардын саны 35% жогорулап кетти. Маалым болгондой, шайлоочулардын 25%дан ашууну иш-чарага катышканда гана, шайлоону өттү деп айтканга негиз бар.

Добуш берүүдө активдуу региондордун катарында Башкорстан, Чеченстан, Мордовия жана Саха-Якутия республикалары айтылууда. Анткен менен буга чейинки парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны мындан алда канча жогору болгондугу белгилүү.

Жекшембиде Бишкек убактысы боюнча саат 23:00тө Орусиянын Ыраакы Чыгыш региону боюнча шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болду. Ал эми кийинчерээк, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02:00де шайлоонун жалпы Орусия боюнча алгачкы жыйынтыктары жарыяланды. Аларга ылайык, Мамлекеттик думада орун алууга аттанып жатышкан саясий партиялардын ичинде биринчи орунду 36,3 % добушу менен «Бирдиктүү Орусия», андан ары 15%га жакын добуш алган ЛДПР, үчүнчү орунда Коммунисттик партия жана анын артында саясий багыты боюнча коммунистерден анча айырмаланбаган улутчулдардын уюму - «Родина» блогу турат. Ал эми бешинчи орунга 4,1% добушту алган «Яблоко» партиясы чыкты.

Ушул сааттарга белгилүү болгон жыйынтыктар Мамлекеттик Думага либералдык партиялар 5% тосмодон өтпөй калуу ыктымалы бар экендигин көрсөтүшүүдө.

«Коом пикирин изилдөө кору» берген алдын ала божомолдорго караганда, оңчул СПС партиясы Думага өтүүдө жетиштүү добушка ээ болбой калат. Мындай жагдайды партия лидери Борис Немцов Орусияда жаралган улутчул маанайдын өскөндүгү менен байланыштырды:

- Биз буга чейин бир канча жолу жаңы думада улутчул-социалисттер жана орус бюрократиясынын өкүлдөрү көпчүлүк орунду ээлеп калуу коркунучу бар экендиги тууралуу эскерткенбиз. Тилекке каршы, биздин сөзүбүз калайык калкка жетиштуу деңгээлде жетпей калды. Менин оюмда, парламентте басымдуулук кылуучу бул адамдар мамлекеттин алдыга жылуусуна көмөк көрсөтө алышпайт.

Акыркы маалыматтар боюнча, бир эле СПС эмес, экинчи либералдык партия «Яблоко» да эң аз сандагы добушка ээ болду. Либералдык оңчул партиялардын жеңилүү ыктымалдыгын, ВЦИОМ коомдук пикирди изилдөө корунун директору Валерий Федоровдун пикиринде, алардын жеке күнөөсү катары тааныса болот:

- Либералдык партиялардын жетекчилери кечээки саясий жашоодо калышты. Алар өздөрүнүн шайлоочуларына жаңы сөз айта алышкан жок. Белгилүү болгондой, бул партиялардын туруктуу электораты катарында ортоңку класс таанылып келген. Ал эми бүгүн бул партиялар ушул ортоңку классты ойлондуруп жаткан маселелерди жакшы түшүнө беришпейт. Мисалы, күчтүү мамлекет, коопсуздук маселелери ортоңку классты ойлондурган суроолор. Бул тууралуу СПС эч кандай жаңылык киргизген жок. Ал дайыма мамлекетке чабуул жасап сүйлөйт. Ал өзүнүн электораты менен маекти орундата алган жок.

Мына ушундай эле ойду туткан саясат изилдөөчү Сергей Марковдун айтымында, эгерде жаңы Думага лидералдуу партиялар өтпөй калышса, өлкөдө жаңы саясий күч пайда болушу мүмкүн:

- Менин пикиримде, бул эки партиялар шайлоо өнөктүгүн туура эмес өткөрүштү. Алар бири-бирин каралагандан башка эч нерсе айта алышкан жок. Ошол эле учурда бул партиялардын шайлоочулары ортосунда эч кандай айырма жок. Эгерде булар Думага өтпөй калышса, орус парламентинде жок кылынган либералдуу саясий топтордон жаңы партиялар жаралышы мүмкүн.

7-декабрь күнү Орусия Мамлекеттик думанын жаңы курамы менен кошо мамлекеттин бир катар региондорунда жергиликтүү бийлик башчыларын да тандады. Шайлоонун жүрүшүнө бир топ эл-аралык уюмдардын 1200 жана депутаттыкка талапкерлердин 800 миңден ашуун байкоочулары көз салышты.

Москвада Орус Өкмөтүнүн жетекчиси Михаил Касьяновго жумуртка ыргытылганын жана Ыраакы Чыгышта куралчан адам чуу чыгарганын эске албаганда, иш-чара жалпысынан тынч өткөндүгү айтылууда.

XS
SM
MD
LG