БУУнун Ооганстандагы атайын өкүлү Лахдар Брахими ушундай окуялар өлкөдөгү ансыз да кооптуу жагдайга кошумча коркунуч алып келип жатат деген оюн ортого салды. БУУ соңку инцидент боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырды.
6-декабрда АКШнын аскерлери Кабулдан 240 километр алыстыкта жайгашкан Хутала деген жерде талиптердин мурдагы колбашчыларынын бири молдо Вазирди жок кылуу максатында аскерий операция өткөрүшкөн. А-10 учагы таштаган бомба жарылып, көчөдө ойноп жаткан 9 бала мерт кетти. Эртеси Ооган ички иштер министри Али Ахмад Жалали өкмөт иликтөө баштагандыгын кабарлады:
- Өкмөт бул жаңжалга байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылды жана тергөө ишин баштады.
Ооган бийликтери терроризмге каршы күрөштү колдой турганын белгилеп, келечекте мындай өкүнүчтүү кырсык кайталанбасын деп үндөдү.
Ошол эле күнү АКШнын расмий өкүлдөрү балдардын өлүмү үчүн терең кайгысын жана өкүнүчүн билдиришти. Американын Ооганстандагы элчиси Залмай Халилзад мындай деди:
- 9 баланын өлүмүнө алып келген кырсыктуу окуя биз үчүн абдан кейиштүү кабар болду. Балдарын жоготкон үй-бүлөлөргө терең көңүл айтам. Алар башынан кечирип жаткан кайгыны түшүнөбүз.
Бирок кыштак тургундары ачуусун жашырышпайт. Күбөлөрдүн айтымында, бейкапар балдар бир үйдүн жанында топ менен ойноп жаткан. “Оболу ракетасы менен атышат да, андан кийин бул жаңылыштык деп айтышат”, - дейт карыя Амир Мохаммад “Ассошиейтед Пресстин” кабарчысына. “Аларды кантип кечиребиз?” – деп улантат Хуталанын тургуну.
Ооганстандагы коалиция күчтөрүнүн басма сөз өкүлү Брайан Хилфертинин айтымында, учкучка ал жерде террорчудан башка эч ким жоктой сезилгендиктен, ал кыштакты мелжеп ок ачкан.
АКШ командачылыгы соккудан молдо Вазир да өлдү деп маалымдады. Бирок жергиликтүү эл аны төгүнгө чыгарууда. Айрымдары болсо сөөгү табылган адам Вазир эмес, ал кыштактан эбак эле башка жакка качып кеткен деп ырасташууда.
“Бул жерде жакыр элден башка эч ким жок. “Ал-каидачылар” болобу, талиптерби, эч кимиси жок”, - дейт жергиликтүү тургундардын бири.
Ооганстандын түштүгү менен чыгышында талиптер менен “ал-Каиданын” калдыктарын жок кылууну көздөп өткөрүлгөн аскерий операцияларга көпчүлүк учурларда аба күчтөрү да тартылат. Тилекке каршы, бейкүнөө кишилердин өлүмүнө алып келген учурлар аз эмес.
Ошондой кайгылуу жаңылыштыктардын бири 2002-жылдын июль айында Урузган вилайетинде болду. АКШ аба күчтөрүнүн бомбалоосунан улам үйлөнүү тоюна чогулган 48 киши курман болуп, 117си жаракат алышкан эле.
Быйыл 9-апрелде болсо АКШнын аскерий учагы Пактика вилайетиндеги бир шаарда турак-жайды бомбалоого алып, 11 карапайым адам набыт болду. Жакында эле, 31-октябрда, өлкөнүн чыгышындагы Нуристан вилайетинде коалициянын аба чабуулунан кеминде 8 бейкүнөө адам өмүрүнөн айрылганы кабарланган.