Документ кечээ Мексиканын Мерида шаарындагы жыйында жарыяланаар замат ага кол койгон өлкөлөрдүн арасында АКШда бар. Конвенцияга кошулган мамлекеттерд коррупцияга каршы күрөшүүнү караган мыйзамдарга ээ болушу керек. Ал ошондой эле коррупцияланган саясий лидерлер өлкөдөн чыгарып кеткен улуттук байлыктарды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кайтарып алууга да уруксат берет. Конвенция ага кошулган өлкөлөрдүн отузунда ратификациялангандан кийин күчүнө кирет. БУУнун эсебинде, документке 100дөн ашуун өлкө кол коймокчу.