Өткөн жылдын 16-ноябрында экинчи элдик курултайга катышуу максатында Кыргызстандын дубандарынан Бишкекке келишкен жүздөн ашуун атуулду Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күч менен өз жашаган жерине кетиришкен. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев милиция кызматкерлеринин жогорудагыдай аракети президент Аскар Акаевдин 1999-жылкы жардыгына негизделип жасалгандыгын билдирген. Мамлекет башчы Аскар Акаев 1999-жылдын 23-сентябрында «Кыргыз Республикасында паспорт системасын өркүндөтүү жөнүндө» деп аталган жардыкка кол койгон. Жардыктын биринчи беренесинин үчүнчү пунктунда «Эгерде кыргызстандык атуул өзүнүн туруктуу жашаган жеринен өлкөнүн экинчи бир жерине алты айлык мөөнөттөн кем эмес убакытка барса, жашаган жеринен каттоодон чыкпай туруп келген жеринде каттоодон өтүүгө милдеттүү» деп жазылган.
Буга байланыштуу Азимбек Бекназаров Конституциялык сотко кайрылып, мамлекет башчысынын жардыгын жокко чыгарууну талап кылууда. Анын айтымында, президенттин жардыгы Конституцияга каршы келет. Анткени Баш мыйзамдын алтынчы беренесинин экичи пунктунда «Кыргызстандын атуулу өлкөнүн бардык аймагында эркин жүрүүгө жана барар, турар жерин өз эрки менен тандап алууга укугу бар» деп жазылган. Азимбек Бекназаровдун белгилөөсүнө караганда, мамлекет башчысынын жардыгы өлкөнүн Конституциясына эле эмес, башка мыйзамдарга да каршы келет:
- Бизде ички миграция тууралуу мыйзам бар. Анда Оштон же Нарындан Бишкекке «Ош базарында иштейм» деп келсе, 45 күндөн көп убакытка келсе гана убактылуу каттоодон өтөт деп жазылган. «45 күнгө чейин эч кандай каттоодон өтпөйт» деп жазылган. Президенттин жардыгы бул мыйзамга да каршы келет.
Ошондой эле, депутаттын айтымында, эгерде өлкөнүн Конституциялык соту мындай жардыкты жокко чыгарбаса, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери келечекте да мындай жардыкка таянып алып, адамдардын укугун бузууну улантышы толук ыктымал:
- Тартип коргоо органдары келечекте да ушул жардыктын негизинде адам укугун буза берет. Экинчиден, азыр дагы Ош же Дордой базарында соода кылып жүргөн атуулдарды милиция кызматкерлери кармап алып: «Сен, мына ушул жардыкка ылайык, каттоодон убактылуу өтпөпсүң» - деп каалаган өлчөмдө акча алууда. Бул тууралуу Акыйкатчы да «жүз сом берет экен, ал эми утурумдук тергөө абагына камаганда 300 сом берет экен» деп расмий түрдө айткан. Бул факты. Бүгүн да бул уланууда.
Азимбек Бекназаровдун жогорудагыдай пикирине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов макул эмес. Анын пикиринде, милиция кызматкерлери өткөн жылы мыйзам чегинде аракеттенишкен:
- Былтыркы келген адамдарды Бишкек шаарынан алып чыгуу мыйзамдын негизинде аткарылган. Ал эми Бекназаров «президенттин жардыгы туура эмес» деп жатса, аны Конституциялык сот карашы керек