Бейшемби күнү Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө президент Жорж Буш мындай деп билдирди:
- Биздин өлкөнүн аскердик форма кийген аялдары менен эркектери өз өмүрлөрүн тобокелге салып, Иракты бошотушту. Биз менен шериктеш болгон башка өлкөлөрдүн аялдары менен эркектери да Иракты бошотуу үчүн согушкан. Ошондуктан АКШнын акчасы америкалык аскерлердин сиңирген эмгегин эске алуу менен үлөштүрүлөт.
Бул билдирүүсү менен президент Германия, Франция жана Россия өңдүү Ирак согушуна тикесинен тик-туруп, каршы чыгышкан өлкөлөрдүн «Иракты калыбына келтиргенге жалаң эле Америка эмес, жалпы дүйнө коомчулугу жапырт катышканга укуктуу» деген сын пикирлерин четке какты.
Бирок Буш администрациясынын айрым жооптуу кызматкерлери мындай кадам менен Буш чет элдеги оппоненттери менен болгон мамилесин ого бетер бузуп алат деп эсептешет. Беймаалым калууну каалаган бир өкүл Нью-Йорк Таймс гезитине берген маалыматында, мындай кадамы менен Буш Германия, Франция жана Россияны өзүнө ого бетер каршы коюп алат деп айтты. Франциянын тышкы иштер министрлиги мындай чаранын эл аралык мыйзамга канчалык шайкеш келээрин Еврошаркеттеги шериктери менен биргелешип, Дүйнөлүк Соода Уюму аркылуу териштире тургандыгын билдирди. Ал эми Канада менен Германия мындай шартта Ирак элине гумжардам бергенге мүмкүн болбой турганын айтышты. Россиянын коргоо министри Сергей Иванов болсо Москва Ирактын 8 миллиард доллар өлчөмүндөгү карызын кече албай тургандыгын жарыялады.
Карыз демекчи, жакында президент Буш атасы Жорж Буштун президенттиги учурунда Американын тышкы иштер министри болуп турган Жеймс Бейкерди Ирактын тышкы карыздары боюнча атайын өкүлү кылып дайындаган. Дүйшөмбү күнү Жеймс Бейкер Ирактын карыздарын кечүүсүн суранып, Францияга, Германияга жана Россияга жөнөгөнү жатат. Бейкер, ошондой эле, АКШнын Ирак согушундагы шериктери Британияга жана Италияга барып, Иракты калыбына келтирүү маселелерин талкуулайт. Бейкерди мамдепартаменттин, Американын финансы министрлигинин жана коопсуздук кызматтарынын жооптуу өкүлдөрү коштоп барышат.
Иракты калыбына келтирүү жаатындагы ишкер келишимдер боюнча пикир келишпестиктерге шилтеме берген байкоочулар, Бейкердин канцлер Шрөдер, президенттер Ширак жана Путин менен боло турган жолугушуулары максатына жетпей кала турганын божомолдошот. Бирок Буш администрациясынын беймаалым калууну каалаган бир өкүлү Американын тышкы иштер министри Колин Пауэллден айырмаланып, Бейкер Буштун көз карашын таасын чагылдыра ала турганын жана алдыга койгон максатына жете турганын айтат.
- Пауэлл бардык эле кармаштарда жеңе бербейт. Ал эми Бэйкер сизге каалаган нерсеңизди алып барээрин бөркүңүздөй көрө бериңиз,- дейт Пауэллди сындаган беймаалым өкүл. Шаршембиде ак үйдө Бейкер менен көзмө- көз сүйлөшкөн соң, президент Буш буларды айтты:
- Мен президент Ширак, канцлер Шрөдер менен президент Путинден Жим Бейкер менен Ирактын карыздары жөнүндө сүйлөшүүлөрүн сурандым. Эгерде бул өлкөлөр Ирактын эркин болуусуна, дүйнөнүн коопсуздугуна чын эле салым кошкулары келишсе, Ирактын карыздарын кечип, орток ишибизге кол кабыш кылуулары абзел.
Учурда Буш Ирактын экономикасын калыбына келтирүүгө бөлүнгөн акчаны кантип жеткирээрин билбей, чет элдик шериктери менен оппоненттердин салым кошуусун күтүп турган кези. Анткени, Ирактын экономикасын калыбына келтирүү үчүн Конгресс бөлгөн 18,6 миллиард доллар Иракка зарыл болуп турган акчанын теңине да жетпейт. Дүйнөлүк Банк октябрь айында тараткан маалыматка ылайык, өлкөнүн өтө маанилүү 14 тармагын калыбына келтирүү үчүн эле 35 миллиард доллар, ал эми мунай өндүрүү тармагын мурдагы кубаттуулугуна жеткирүү үчүн дагы 19,5 миллиард доллар керек болот.