Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ТАРЫХЫЙ САММИТИНДЕ ТАЛАШ КӨП


Жума күнү Брюсселде Европа Биримдигинин лидерлери алгачкы орток конституцияны талкуулоого чогулушту. Талкуу татаал болчудай, жыйындын алдында Испания менен Польша Еврокомиссиядагы добуштарынын санын азайтууга макул болборун айтышса, Британия өзүнүн улуттук вето коюу укугун сактап калууга аракет кыларын эскертти. Байкоочулар Брюсселдеги жыйында Европалык лидерлер кадимкидей талашып-соодалашып жатканын кабарлашты.

2000-жылы Ниццада кол коюлган келишим боюнча, Европа Комиссиясында талылуу маселелерди чечүүдө Польша менен Испанияга 27 добуштан ыйгарылып, калкынын саны алардыкынан эки эсе көп болгон Германияга 29 добуш тийген. Евробиримдиктин жаңы конституция долбоорунда болсо, добуштарды ар бир өлкөгө калкынын санына жараша бөлүштүрүү каралган. Аны уккандан бери Польша менен Испания добуштардын саны мурдагыдай сакталсын, антпесе Биримдиктеги бардык маселелерде чоң өлкөлөрдүн үстөмдүгү орнотулат деп нааразы болуп келатышат.

Ушул маселе жыйында чордондуу темага айланаарын жума күнү Брюсселде чогулган Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери ырасташты. Мисалы, Швециянын премьер-министри Горан Перссон эки тарапка тең ийкемдүү мамиле жасашыбыз керек деп эсептейт.

- Менимче, биз жалаң Испания менен Польшага жан тартпастан, Германиянын жагдайын түшүнүп, ага колдоо көрсөтүүгө тийишпиз. Германияга Европа Биримдигиндеги чечүүчү, борбордук роль таандык. Ошондуктан ага колдоо билдиребиз.


Орток конституциянын тегерегинде кызуу талкуу, талаш-тартыштар болорун Евробиримдикке учурда төрагалык кылып жаткан Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони да бышыктап, бирок буга чейин далай татаал маселелерди чечкен лидерлер бул ирет да мунаса таба алаар деген үмүтүн кошумчалады.

- Биз бул документтин үстүндө дагы эле иштеп жатабыз. Канчалаган күндөрдөн бери Евробиримдикке мүчө бардык мамлекеттерди конституция боюнча бир пикирге келтирүүгө аракеттендик, бирок алдыда дагы бир топ кыйынчылыктар бар, анткени ар бир өлкө өз кызыкчылыктарын көздөп жатат.



Ошол эле учурда ал буга чейин адегенде кызуу талаш жараткан 82 маселе боюнча орток пикир табышкан Евробиримдиктин лидерлери бу жолу да сабырдуулукка салып, документти жактырып калышы мүмкүн деп кошумчалай кетти. Польша менен Испаниянын талаптарын бирбеткей четке кагып, өз көз карашынан кайтпаарын кайталап келаткан Германиянын канцлери Герхард Шрөдер Брюсселде да маселени кыскача комментарийледи.

- Биз конституция кабыл алынышын каалайбыз, бирок ал реалдуу, чындыкка негизделген документ болушу керек.


Германиялык маалымат каражаттары бейшембиде Берлинде өткөн Герхард Шрөдер менен Польшанын президенти Александр Квасьневскинин жолугушуусунда да маселеде чоң жылыш болбогонун кабарлашты. "Би-Би-Си" менен болгон маегинде Британиянын премьер-министри Тони Блэр талкуу татаал болоорун белгилеп, "Европа ошентип, 25 мамлекетти бириктирген Шаркетке айланып баратпайбы, бул өтө чоң өзгөрүүлөр алып келет", - деп басым жасап, өзү да Британиянын Евробиримдиктин чечимдерине вето коюу боюнча улуттук укугун сактап калууга сөз берди.

Айрым эксперттер талаш созулуп кетсе, Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Силвио Берлускони Ниццада кол коюлган келишим 2014-жылга чейин күчүндө кала берээрин жарыялашы мүмкүн деген пикирде. Бирок, ага Германия, Франция, Британия каршы чыгып, конституция долбоору бекитилген күндө да, орток баш мыйзамдагы добуш берүү системасы 2009-жылдан тартып гана күчүнө кирет. Ага чейин балким, Польша менен Испаниянын калкы дагы 10-15 млн адамга көбөйүп кетсе, анда алар үчүн Евробиримдиктеги добуштарынын санын жогорулатууну талап кылууга жөндүү шылтоо табылат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG