Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

ДНЕСТР ЖЭЭГИ: “БУЛГАНЫЧ РАКЕТАЛАР” КИМГЕ САТЫЛДЫ?


Молдовадан өзүн күнкорсуз деп эсептеген Днестрди жээктей жаткан чакан чөлкөмдө “Алазан” тибиндеги снаряддар жоголгонун үстүбүздөгү жумада батыш маалымат каражаттары жарыша кабарлашты. Алар радиоактивдүү таштандылар менен дүрмөттөлгөн “булганыч снаряддар” болушу ыктымал деген шектенүүлөр бар. “Булганыч снаряддар” эл аралык террорчуларга сатылышы мүмкүн деген кооптонуу чөлкөмдөгү чатакты жөндөө зарылдыгын саясатчылардын эсине кайра салды.

Эски советтик “Алазан” снаряддары оболу жасалганда, Грузия менен Молдованын жүзүмзарларына мөндүр төкпөсү же нөшөр куйбасы үчүн, кара булутту химикат менен аткылаганга пайдаланылган. Бирок, 1990-жылдардын аяк ченинде узундугу 1 метрге барабар, гүп сындуу “Алазан” снаряды постсоветтик мейкиндиктеги чыр очокторунда кеңири колдонулду.

Кишиневдогу Саясый изилдөөлөр институтунун башчысы Оазу Нантойдун аскерий документтерге таянып айтышынча, 1994-жылы Тираспол шаарынын четиндеги базада радиоактивдүү дүрмөтү 38 даана “Алазан” снаряды болгон. Алардын 24ү ракетага туташтырылгандыктан, аларды узак аралыктагы бутага атуу үчүн колдонуу толук мүмкүн.

Оазу Нантой “Азаттык” радиосуна берген интервьюда:

- Биздеги документтер бул ракеталардын радиациялуу булганч заттары коркунучтуу экенин күбөлөйт. Эгерде “булганч бомбалар” азыр өтө кеңири жайылганын айтсак, маалыматтар ырастагандай, бул ракеталар террорчу топтордун колуна тийиши мүмкүн. Сиз Днестр боюнда мурдакы 14 армияга таандык курал-жарактын каалаган түрүн сатып алсаңыз болот, бул - айныгыс чындык.

Мурдакы өкмөттүк кызматкер Нантойдо радиоактивдүү дүрмөттөр менен иштеген аскерлер ашыкча нурланып калышкандыктан, алардын кийимдери дайыма өрттөлүп, көмүлгөнүн ырастаган документтер бар. 2001-жылдан кийин ал ракеталардын эмне болгону белгисиз.

Днестрдин жикчил өкмөтү менен бул жердеги 2,5 миң колдуу россиялык күчтөрдүн командачылыгы “Алазан” ракеталары жөнүндө уккан эмеспиз деп танышууда. Ошол эле учурда, Смирнов башындагы бийлик эл аралык эксперттерди чөлкөмдөгү аскерий куралдарды инспекциялоого уруксат бербей жүрөт.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Р. Баучер шейшемби күнкү пресс-конференцияда “Алазан” ракеталары жоголду деген маалыматка Ак Үй кылдат көз салып турганын билдирди:

- Бул биз тастыктай турган кабар эмес. Бизде бул кабарды ырастаган маалымат жок. Бирок, андай кабарга этият көз салып турабыз.

Талдоочулардын пикиринче, Тирасполь менен Кишинев ортосундагы чыр эл аралык деңгээлде жөндөлмөйүн, чөлкөм аткезчиликтин, коопсуздуктун уюгу катары кала берет.

Британиянын Террорчулукту жана саясый чатактарды изилдөө борборунун терроризм боюнча эксперти Тамара Макаренконун атймында:

- Биздин баарыбызды 11-сентябр кыйраканынан кийин Панкиси өрөөнүндөгү кырдаал тынчсызданта баштады. Анткени, бул жерде террорчул топтор түздөн-түз машыгышкан. Андай болгондон кийин, биз эмне үчүн аткезчилерге баш паанек болгон жайлар тууралуу кеп козгобойбуз. Болбосо, Днестр жээгинде уюмдашкан кылмыштуулук, коррупциячыл саясатчылар же террорчул топтор-баары бар. Андан алар киреше алып турушат. Ошондуктан, эл аралык жамаат чөлкөмгө көңүл буруп, аны тазалоо үчүн катуу кысым жасашы абзел.

Бул мыйзамсыз, бирок кирешелүү иштердин баарын чөлкөмдүн лидери Игор Смирнов жана анын уулу Владимир контролдойт деген маалыматтар толтура.

Днестр жээгиндеги орус тилдүү бул чөлкөм менен Молдова арасындагы тирешүү совет бийлиги кулаар менен башталган. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму, Россия жана коңшулаш Украина арачылык кылган Кишинев-Тираспол арасындагы сүйлөшүүлөрдөн он жылдан бери эч кандай жылыш жок.

XS
SM
MD
LG