Казакстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Умарзак Узбековдун 12-декабрда «АКИ-пресс» агенттигинде берген маалымат жыйынында айтканына караганда, Бишкек менен Астананын ортосунда эч кандай саясий келишпестик жок.
- Биздин мамилелер туруктуу өнүгүүдө. Бул эки элдин тарыхый, маданий тыгыз байланышы кылымдардан бери калыптанган. Ошондуктан, саясий пикир келишпестиктер да жок. Тышкы саясат боюнча да биздин көз караштар жакын. Кыргызстан менен Казакстандын соода байланышы 2000-жылдан бери өсүүдө. Быйыл 10 айда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сооданын көлөмү 33% өсүп, 181 млн. долларды түздү, - дейт элчи Умарзак Узбеков.
Кыргыз президенти Аскар Акаевдин 24-декабрда боло турган ырасмий сапарында эки мамлекеттин ортосунда «Биримдиктик мамиле тууралуу» келишимге кол коюшу күтүлүүдө. «Бул эки өлкөнүн кызматташуусун андан ары да жакшыртат», дейт элчи Узбеков. Бирок, казак элчисинин айтымында, Кыргызстандын автоунааларынын Казакстан аркылуу өтүшүн жеңилдетүү үчүн эки тарап «Автоунаа каттамы жөнүндө» өзүнчө келишимге кол коюшу керек. Учурда казак тарап өз аймагы аркылуу өткөн кыргыз автоунааларынан 150 доллар акы алууда. Ал эми өзбек автоунаалары Казакстандан акысыз өтөт. «Бул үчүн Ташкен биздин айрым карыздарды кечкен» деди элчи. Бирок, Умарзак Узбеков «ал үчүн Бишкек кандай кадамга барышы керек?» деген суроону жоопсуз калтырды.
Казак элчиси маалымат жыйынында, Кыргызстанда ишкерлер үчүн шарт начардыгын билдирип, ага мисал катары казак инвесторлору иштетип жаткан «Кыргызэнергоремонт» компаниясын мисалга келтирди. Жыл ичинде бул компания 17 ирет текшерилип, кысымга алынгандыктан, элчи премьер-министр Николай Танаевдин өзүнө кайрылууга аргасыз болгон. Бирок кысым токтотулган эмес.
Ал эми Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жумагул Сааданбековдун айтымында, эки мамлекеттин ортосунда чечилбеген мындай маселелер арбын:
- Эки өлкөнүн ортосунда чечилбей келаткан экономика, транзит, суу, энергетика маселелери бар. Алар азайбай эле, көбөйүп баратат.
Сааданбековдун айтымында, эгер президент Аскар Акаевдин Казакстанга сапары учурунда «Биримдиктик мамиле тууралуу» келишимге кол коюлса, топтолгон маселелер чечилиши ыктымал.
Жергиликтүү эксперттердин пикиринде, эки мамлекет ортосунда саясий жактан келишпестик байкалбаганы ырас. Бирок, «Биримдиктик келишим» менен эле суу-энергетика, транзит, соода багытындагы татаал чарбалык маселелердин чечилип кетиши күмөн. Анткени эки мамлекет «Түбөлүк достук келишимине», андан сырткары ар кандай 112 документтерге кол койгон менен, кээ бир маселелер, кыргыз элчиси мойнуна алгандай, татаалдашуунун үстүндө. Маселен, быйыл Казакстан Кыргызстандан электр энергиясын сатып албай койду. Андан сырткары Казакстан Кыргызстандын айрым товарларына кошумча төлөмдөрдү киргизип келатканы да белгилүү. Казак элчисинин сөзүнө караганда,транзит маселеси да оңой-олтоң чечиле турган эместей болуп турат.