ТАЛЛИН. Кечээ Эстониянын жээк суусунда Латвиянын жүк ташыган кемеси чөгүп кетти. Бактыга жараша, кеменин экипажы аман. Кеме Латвиянын Рига портунан Россиянын Санкт Петербург шаарына кетип бараткан эле. Суу алдындагы аскага урунуп, чөгө баштаган кеменин экипажын Эстониянын жээк кароолу куткарып калган. Кароолдун өкүлү кеменин сыныгы айлана чөйрөгө коркунуч келтирбей турганын айтат.