Жарылуудан дагы 30 киши жараат алды. Курмандыктардын көбү полиция кызматкерлери болду. Багдаддан 80 чакырым аралыктагы Халдия шаарындагы кол салуу шаардык полиция бекетинин жанында орун алды. Чабуул жайына келген америкалык аскерлер бекетти дароо тосмолоп салышты.