Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

МАРКУМ ГЕЙДАР АЛИЕВ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ


Дүйшөмбүдө Азербайжан мурдагы президент Гейдар Алиевди акыркы сапарга узатты. Бир нече өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары, жүз миңдеген кишилер бул жөрөлгөгө катышты.

80ден жаңыдан оогон кезинде бу дүйнөдөн өткөн маркум Гейдар Алиевди азери элинде ызааттап “улуттун атасы”, азериче айтканда, “Баба” деп атагандар чынында да арбын. Алар Гейдар Алиевди мамлекет башына кыйын иш түшкөн чакта өзүнүн коммунисттик партиялык мүчөлүгүнөн баш тарткан, зарыл учурда мамлекетти жетектөө түйшүгүн мойнуна алуудан качпаган, өзүнүн айлакердиги менен Батышты да, Орусияны да ийитип, Азербайжандын эгемендигин чыңдай алган инсан деп баалашчу.

Гейдар Алиевди акыркы сапарга узатуу үчүн келгендердин арасында Орусиянын президенти Владимир Путин, украин президенти Леонид Кучма, казак президенти Нурсултан Назарбаев жана Ирандын вице-президенти Рза Ариф мырзалар болду. Түркиядан президент Ахмет Неждет Сезер менен премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган мырзалар келип, сөөк коюу каадасына катышты.

АКШдан Мамлекеттик катчынын орун басары Элизабет Жоунс, Франциядан – Коргоо министри Мишел Аллио-Мари келди. Коңшу Грузиядан президенттин милдетин аткаруучу Нино Буржанадзе жана мурдагы президент Эдуард Шеварднадзе келсе, ал эми Армениянын президенти Роберт Кочарян менен Кыргызстандын президенти Аскар Акаев маркумдун үй-бүлөсүнө өздөрүнүн көңүл айтуу катын жиберишти. Кыргыз президенти өз катында маркум Гейдар Алиевди бүткүл өмүрүн өз атажуртуна арнаган инсан, азери элинин чыгаан уулу катары сыпаттаган.

Орусиянын президенти Владимир Путин Бакуда журналисттерге маркум тууралуу мындай деп айтты:

- Гейдар Алиев чынында да Орусиянын улуу досу болчу. Биз муну дайыма сезчүбүз жана буга азыр да чоң баа беребиз. Эми болсо Азербайжандын азыркы президенти жана мен үчүн башка бир милдет жүктөлүп отурат, бул – Гейдар Алиевич Алиев пайдубалын түптөп кеткен өз ара мамилелерибизди андан ары чыңдоо милдети.

Путин Гейдар Алиевди өзгөчө урматтаганын да баса белгиледи. Орус президентинин мындай жылуу баасы менен КМШнын башка мамлекет башчылары да бөлүштү. Казак президенти Нурсултан Назарбаев:

- Маркум – чыгаан саясий ишмер, даанышман киши эле. Ал кеңешүү үчүн кайрылганга дайыма жок дебеген дос эле. Менимче, азери эли өзүнүн улуу уулунан айрылып калды.

Назарбаев мырза азери элин өлкө туруктуулугун мындан ары да камсыз кылуу үчүн ич ара ынтымагын ого бетер чыңдоого чакырды.

Өткөн аптанын жума күнү АКШнын Кливленд шаарындагы ооруканада көз жумган маркум Гейдар Алиевдин сөөгүн жүз миңдеген кишилер Бакудагы Ардак аллеясына чейин коштоп келишти. Маркумдун сөөгү мында 1985-жылы дүйнөдөн кайткан жубайы Зарифанын бейитинин жанына коюлду.

Азербайжан, ошентип, гейдар алиевдик доор менен биротоло коштошту. “Падыша өлдү, жашасын падыша!” деген Батыштагы орто кылымдык жөрөлгөнүн сыңарындай, эми анын уулу Илхам Алиев өз атасынын мамлекеттик башкаруудагы салтын улантууга тийиш. 41 жашар Илхам 15-октябрда президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Бул шайлоо өнөктүгү бурмалоолор менен коштолгону үчүн Батышта курч сынга алынган эле. Азери улутунун бабасы үчүн улуттук аза күтүү жарыяланган учурда да Илхам Алиев айрым чет элдик үналгы жана сыналгы берүүлөргө тыйуу салып, атасынын ишмердүүлүгүнүн жакшы жагын да, өксүк жагын да өздөштүргөнүн айгинелетти.

XS
SM
MD
LG