Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:30

ПРЕЗИДЕНТТИН СЛОВАКИЯГА ЖАНА ШВЕЙЦАРИЯГА САПАРЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ КАНДАЙ?


Президент Аскар Акаевдин өткөн аптанын этегинде аяктаган Словакияга жана Швейцарияга иш сапарлары кандай тыянак берди? Ушул суроого жооп берүү максатында бүгүн президентти коштоп барган делегация мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөрүштү.

Буга чейин Словакиянын президенти Рудольф Шустер Кыргызстанга келип кеткен. Анын учурунда саясий багыттагы кызматташтыкка жол салынган. Президент Аскар Акаевдин Словакияга жасаган иш сапарынын учурунда соода-экономикалык кызматташтыкка басым жасалды. Бул тууралуу маалымат жыйынында президенттин пресс-катчысы Абдил Сегизбаев буларды билдирди:

- 2001-жылдын жыйынтыгы боюнча биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 34 млн. словакия кронун түзсө, ушул жылдын сегиз айында 57 млн. кронду түзгөн. Көрүп атасыздар, товар жүгүртүү эки эсе жогорулады. Бул деңгээл жетишсиз экенин бардыгы эле жакшы түшүнүп турушат.

Иш сапардын учурунда тараптар постсоветтик мезгилден кийин токтоп калган аскерий багыттагы ишканаларды калыбына келтирүү, радардык ишканаларды түзүү, маалымат технологияларын өркүндөтүү, туризм, чакан ГЭСтерди куруу багыттарында кызматташуу максатындагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Чакан ГЭСтерди куруу боюнча Словакиянын Вуджи энергетика компаниясы менен «Электрстанциялар» акционердик коому сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Акционердик коомдун төрагасы Сагынбек Дордоев анын тыянагы тууралуу мындай оюн бөлүштү:

- Словакиялык өнөктөштөр чакан жана орто гидроэлектр станцияларды долбоорлоого жана инвестиция берүүгө даяр. Бул маселе биз үчүн да маанилүү. Анткени, бизде Совет учурунда курулган 70тен ашык гидроэлектр станцияларды инвестициялардын жардамы менен калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү бар.

Сагынбек Дордоевдин кошумчалаганына караганда, Кыргызстан менен Словакиянын чакан жана орто ГЭСтерди курууга байланышкан сүйлөшүүлөрү келерки жылдын башында Москвада уланат.

Акаевдин Словакияга жасаган иш сапары учурундагы сүйлөшүүлөргө ылайык эми тараптар кош салык албоо, инвестицияны коргоо, туризмди өнүктүрүү, эл аралык, аба байланышын ачуу жана автомобилдик жүк ташуулар тууралуу макулдашууларды даярдашмай болушту.

Словакияга ырасмий сапарына улай президент Аскар Акаев маалымат боюнча дүйнөлүк саммитке катышты. Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Аскар Кутановдун билдиргенине караганда, Кыргызстан акыркы 10 жылдан бери маалымат коомун түзүү багытында үзгүлтүксүз аракет кылып келатат. Бул аракет дүйнөлүк саммитте татыктуу баага арзыды. Саммитте сүйлөгөн сөзүндө президент өнүгүү жолундагы өлкөлөрдө маалымат коомун жана маалымат-технологиялык борборлорду түзүү сунушун билдирди. Кутанов журналисттер менен мындайча ой бөлүштү:

- Саммитте өнүгүү жолундагы өлкөлөрдө маалымат коомун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Анткени, азыр индустриалдык жактан өнүккөн өлкөлөр менен өнүгүү жолундагы өлкөлөр ортосунда айырма чоң. Ошондой эл,е ар бир өлкөнүн ичинде борбор менен аймактар ортосунда да айырмалар бар. Ошондуктан бул маселе жандуу талкууланды.

Пресс-конференция өткөргөндөрдүн пикирлерине караганда, өлкөнүн ичинде маалымат технологияларын ырааттуу өнүктүрүүгө Кыргызстанда интеллектуалдык мүмкүнчүлүк жетиштүү. Саммит учурунда президент Аскар Акаевдин «Маалымат–байланыш технологиялары өнүгүү үчүн. Кыргыз үлгүсү» аттуу китебинин бет ачаары болду. Анда маалымат технологиялык өнүгүүнүн багыттары белгиленген. Кыргызстанда маалымат технологиялык өнүгүү тармагын өкмөттүн алдындагы маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча агенттик жүргүзөт. Мындай агенттик түзүү тууралуу жарлыкты Аскар Акаев өткөн жылдын 21-ноябрында чыгарган. Маалымат жыйынында айтылган пикирлерге караганда, маалымат-технологиялык коомду түзүү багытында саммитте каралган маселелердин алкагында регионалдык борбор Кыргызстанда түзүлүшү ыктымал.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG