Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР БИРИГЕ БАШТАШТЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Айрым саясий партиялар «Алга, Кыргызстан» партиясынын тегерегине баш кошууда. Коомчулукта буга ар кандай пикирлер айтылууда.

«Элет» партиясынын саясий кеңешинин төрагасы, депутат Ташболот Балтабаевдин буга байланыштуу ою:

- Менин пикиримде, «Алга, Кыргызстан» партиясы келечекте азыркы президентти колдогон, анын саясатын элге жеткире турган партия болот. Ошол себептен башка партиялар ага биригүүге умтулушууда.

Ушул жылдын сентябрында «Алга, Кыргызстан» партиясына «Жаңы Заман», «Кооператорлор», «Манас эл» жана «Пенсионерлер» партиялары бириккен. Өткөн аптада болсо экс-премьер-министр Амангелди Муралиев башында турган «Биримдик» партиясынын саясий кеңеши да ушундай чечим кабыл алды. Анын себептерин «Биримдик» партиясынын лидерлеринин бири, саясат таануучу Алыбек Акунов төмөнкүдөй түшүндүрдү:

- «Биримдик» партиясы белгилүү партиялардын бири, түзүлгөнүнө 10 жыл болду. Анын катарында белгилүү адамдар бар. Партия ушундай кадамга барып жаткандыгынын себеби - «Алга, Крыгыззстан» партиясы менен максаттары, стратегиясы бирдей болуп чыкты. Алар да, биз да эл үчүн, өлкө үчүн иштейбиз.
«Эмне себептен айрым партиялар «Алга, Кыргызстанга» биригүүнү туура көрүшүүдө?» деген сурообузга бул партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Касым Чаргынов мындай жооп узатты:

- Ар бир партиянын артында анын көз карашын колдогон эл бар. «Алга, Кыргызстан» партиясына кошулуп жаткан партиялар да өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн байкап көрүп, бизге кошулуу аларга пайда берерин билип жатышат. «Күч бирдикте» дегендей, кошулсак, күчтөнөбүз да.

«Алга, Кыргызстан» партиясынын өкүлү Иса Токоев болсо партиялардын биригүү маселесине карата: - Кыргызстанга 40тан ашуун партиянын кажети жок. Татыктуу күчтөр пайда болушу керек. Орусияда деле жакында өткөн шайлоодо 3-4 эле партия жеңди да, - деген пикирин айтты.

Айрым талдоочулар бийлик колдогон партия Орусиянын Думасында көп орунду ээлегени кыргыз бийлигине да таасир көрсөтүшү мүмкүн дешет. Андыктан, 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо депутаттардын бир бөлүгү «партиялык тизме» менен шайланышы ажеп эмес. Анын үстүнө ушул тапта, «партиялык тизмени» калыбына келтирүү боюнча Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун көпчүлүк депутаттар колдошууда. Эгерде Конституциялык сот бул маселе боюнча оң чечимин чыгарса, аталган мыйзам долбоору парламентте каралмакчы. Бул демилгени өлкөдөгү көпчүлүк партиялар колдоп чыгышты. Бирок, «Алга, Кыргызстан» партиясы бул маселе боюнча пикирин айта элек.

«Атамекен» социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо, «Алга, Кыргызстан» өңдүү өкмөтчүл партиялар шайлоонун пропорционалдык системасын эмес, тескерисинче, мажоритардык системасын колдошот, анткени, бир мандаттуу округдарда административдик ресурстарды толук пайдаланууга мүмкүнчүлүктөр көп болот» деген пикирде.

- Авторитардык режимдер шайлоолорду мажоритардык системанын негизинде өткөрүүгө аракеттенишет, - дейт Өмүрбек Текебаев. - Анткени, бир мандатуу система бийлик үчүн пайдалуу. Ал эми «Алга, Кыргызстан» жергиликтүү бийликтин колдоосу менен парламенттин көп орун алууга аракеттенүүдө. Айрым аналитиктер пропорционалдык система бийликтин партиясы болгон «Алга, Кыргызстан» үчүн пайдалуу деген пикирлерди айтышууда. Бул - жаңылыштык. Тескерисинче, пропорционалдык система парламентке оппозициялык күчтөрдүн келишине шарт түзөт.

Ошол эле учурда оппозициялык көз караштагы партиялардын бириге турган ниеттери байкала элек. Баш мыйзамга «партиялык тизме» боюнча өзгөртүүнүн киришинен көп нерсе байланыштуу болуп турат. «Парламенттик жана президенттик шайлоолор партиялардын биригүүсүн ылдамдатат» дешет талдоочулар.

XS
SM
MD
LG