Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

САДДАМДЫН ТУТУЛУШУНА ТҮРКТӨР КАНААТТАНГАНЫН БИЛДИРДИ. БИРОК АЛ УЛАМЫШКА АЙЛАНЫП КЕТЧҮДӨЙ.


Аким Өзгөн, Измир, Түркия Саддам Хусейиндин кармалышы Түркийада дагы кеңири жанданууну пайда кылып, бардык саясий чөйрөлөр бул башкы окуяны кылдат талкууга алууда. Тышкы иштер министрлиги бул окуйаны канааттангандык менен кабыл алгандыгын билдирди.

Ирактагы америкалык акимияттын башчысы Пол Бремер толкунданган, бирок өзүн-өзү кармаган мүнөздө журналисттердин алдында чыгып сүйлөгөн кез унутулбас:

- Айымдар жана мырзалар биз аны (Саддамды) кармадык!

Дүйнөнүн башка чөлкөмдөрүндөй эле, Түркийанын маалымат каражаттарына дагы бул кабар ‘адаттан тышкары абал’ киргизди. Чач-сакалы өскөн, айлардан бери бекинип-качып жүрүүдөн улам жүдөп, алы кеткен Саддам Хусейин кармалган учурда тартылган видео тасмалар өлкөнүн бардык сыналгы каналдарынан берилип, көптөгөн адамдар анын чыныгы Саддам экенине ишене албай, чыдамсыздык менен кабарлардын бышып такталуусун күтүштү. Кийинчерээк, ДНК тесттеринен улам тутулган кишинин Саддам экендиги так аныкталган соң, сыналгыларда Кипр аралындагы чечүүчү мааниге ээ шайлоолор деле экинчи планга сүрүлүп калып, талдоочулар, кабарчылар жана сайасий байкоочулар тегеректете уй-мүйүз тартып олтуруп, эми эмне болот? деген суроонун айланасында ары бери маслаат ой жоро башташты.

Түркийанын тышуы иштер министрлиги тарабынан дүйшөмбү күнү жарыйаланган билдирүүдө “Саддам Хусейиндин кармалуусу менен байланыштуу ирак калкы менен бир катарда эл аралык коомчулукта пайда болгон канааттануу сезимдери Түркийа тарабынан да бөлүшүлгөндүгү” белгиленип, андан ары мындай делинди: “ Ирак элин жана регионду ондогон жылдар бойу маанисиз согуш жана айоосуз зордук-зомбулуктун кычкачында кармап келген Саддам Хусейиндин колго түшүрүлгөндүгү зор мааниге ээ бир окуйа болуп эсептелет. Бул маанилүү окуйа Иракта коопсуздук жана туруктуулукту тез арада калыбына салуунун ишине оң мүнөздүү таасирин алып келип, абалды нормалдаштыруу жарайанын ургаалдаштыраарына ишенгибиз келет”.

Басма сөздөр дагы бул окуйаны биринчи беттеринде чагылдырып, аналитиктер макалаларында дээрлик, мындан ары эмне болот? Саддам кандай жана кай жерде соттолот? деген түкшүмөлдөөлөрү менен тең бөлүшүп жатышат. Мисалы “Йени Шафак” гезитиндеги макаласында Фехми Кору президент Жорж Буш үчүн мындан дагы жакшы кабар боло албайт деген пикирин айтып, Саддамдын кармалышы 11 айдан кийин президенттик шайлоолор өткөрүлө турган АКШда кийинки мезгилдин ичинде Ирак согушу менен байланыштуу сайасий баркы улам чабалдап келаткан Буш үчүн чоң жөлөк болоорун билдирген.

Айтмакчы, Саддам Хусейиндин кармалгандыгы жөнүндө билдирилгенден кийин залдагы араб журналисттер кыйкырык салуу менен сүйүнүчтөрүн көргөзүштү. Багдаттын көчөлөрү дагы майрамдык маанайга бөлөнүп, адамдар абага ок ачуу жана кыйкырык таштоолору аркылуу Саддамдын кармалышын куттукташты. Бирок андайча сүйүнүүлөр үчүн убакыт бышып жетелек деген байкоочулар дале жок эмес. "Йени Шафак” гезитиндеги макаласында Фехми Кору: “Эгерде Ирактагы каршылык көрсөтүү аракетин бүгүнгө чейин Саддам Хусейин уйуштуруп же анын каржылоосу менен уйуштурулуп келе жатышкан болсо, бир жөн; ал эми каршылык көрсөтүүлөргө Саддамдын эч кандай тийешеси болбой келген болсо, анда “Саддамдын жан жөөкөрлөрү” делинген атактан кутулган каршылык көрсөтүүчүлөр аракеттерин мындан ары ого бетер күчөйтүүсү ажеп эмес”, - деген ойун бөлүшөт.

Дагы бир кошумчалай кетчү нерсе, көптөгөн ирактыктар жек көрүп келген болсо дагы, мусулман ааламында, асыресе араб дүйнөсүндө, Саддам Хусейинди батыштын оторчул сайасаттарына тайманбай каршылык көрсөткөн бирден бир лидер катары таанып, аны сыйлагандардын саны дагы эле аз эмес. Анын ушундайча бечара акыбалда, эч кандай каршылык көрсөтпөй кармалып берүүсү, а түгүл чолоосу болгонуна карабай өзүн атып өлтүрбөгөнү, ушул топтогулардын ичинде оор психологиялык түйшүктү, беймаза маанайды пайда кылышы да ажеп эмес.

Экинчи жактан, сайасий байкоочулардын пикиринде, Саддамдын кандайча соттолоору, анын кармалышынан дагы маанилүү окуйалардын тушоосун кесип жибериши толук ыктымал. “Анткени, - дешет алар, - Саддам Хусейин өз диктатурасын канча ондогон жылдар бойу батыштын жардамы менен тике кармап келди. Эми сот жарайанынын жүрүшүндө ал айта турган чын маалымат батыштагы көптөгөн өлкөлөрдү жана алардын жетекчилерин оңтойсуз абалга туш келтирээри күмөнсүз”.

Айтор, Саддам Хусейин доору эми тарыхта калды, бирок анын тегерегиндеги уламыш кеп дагы бир топко сактала турган шекилдүү.

XS
SM
MD
LG