Жеймс Бейкер Парижден соң Берлинде, Римде, Лондондо жана Москвада болот. Байкоочулар Франциядан тышкары Германиядагы жана Россиядагы сүйлөшүүлөр бир топ кыйын-кычыктуу болушу мүмкүн деп айтып жатышат. Аталган үч өлкө учурунда Ирактагы аскерий операцияларды колдогон эмес. Буга кошумча болуп жакында эле Вашингтон коалицияга катышкан өлкөлөр гана Ирактагы экономикалык кайра куруу иштеринде контракт аларын жарыялап, мунун натыйжасында сөз болуп жаткан үч өлкө менен Кошмо Штаттардын мамилеси биртке кыйгылдана түшкөнсүгөн.
Бирок Бейкерди, ал өзү ырастагандай, аны ар качан боло жүргөндөй эле Парижде жылуу ырай-ыкылас менен кабыл алышты. Президент Жак Ширак, Бейкердин сөздөрүнө ылайык, бери эле дегенде Париж клубуна кирген өлкөлөрдүн Ирактагы аласасын жарым-жартылай болсо да кечүү зарыл деп эсептейт.
Париждин мындай позициясын мындан бир күн мурда тышкы иштер министри Доминик де Вилпен ырастаган эле. Ошол эле учурда ал Париждин айрым шарттары бар экенин да эскерткен. Баарыдан мурда Ирактагы иштер ачык-айрым мүнөздө жүргүзүлүшү зарыл жана француз компаниялары контракттарга катыштырылышы керек. Ойдогудай шарт-жагдай болсо Франция башка кредиторлор менен бирге Ирактын тышкы карыздары боюнча эмдиги жылы атайын келишим түзүлөрүнө ишенет, деп айткан эле Вилпен. Бейкер да ушундай ишеничин билдирди.
Маанилүү кредиторлорго Франциядан тышкары байкоочулар Германия менен Россияны кошушат. Алардан сырткары Ирак учурунда АКШдан жана Япониядан да насыя алган. Ушул беш өлкөнүн жалпы аласасы эле кырк миллиард доллардан ашат. Ирактын мойнунда башка өлкөлөрдөн алган дагы сексен миллиард долларга чукул карызы бар. Вашингтон жалпы карыздардын өлчөмү кескин кыскартылмайынча Иракта кайра куруу программаларын жүзөгө ашыруу мүмкүн болбойт деп эсептейт. Бирок айрым кредиторлор Ирактын эпсиз кара майы бар экенин эске алып, Багдадга өзгөчө деле жеңилдиктер керек эмес дегендей кыязда турушат.
Жеймс Бейкер көп жылдардан бери Буштардын үй-бүлөсү менен жакын алакада турган адам. Ал республикалык партиядан шайланган төрт президенттин администрациясында иштеген жана эл аралык чоң аброй тапкан. Президент Буш ага жооптуу озуйпа табыштап, Ирактын кредиторлорун ийиткенге Бейкер жарайт деп ишенет. Бул ишеним Парижде акталгансыды. Эми Бейкер бу маселени Берлинде талкуулайт.