Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

ИРАКТЫН САЯСИЙ КЕЛЕЧЕГИ БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНДЕ ТАЛКУУЛАНУУДа


Шейшембиде БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ирактын саясий келечеги жана өлкөдөгү бийликти жергиликтүү органдарга өткөрүп берүүнүн процедуралары талкуулана баштады. Ирактын Убактылуу Башкаруу кеңешинин тышкы иштер министри Зебари Саддамдын режимине жасаган пассивдүүлүгү үчүн Улуттар Уюмун сындады. Ошол эле учурда Багдаддын өкүлү өткөөл мезгилде БУУдан көбүрөөк жардам талап кылынаарына басым жасады.

Хошияр Зебари Ирактагы бийликти америкалык администрациядан убактылуу өкмөткө өткөрүп берүүнүн жол-жоболорун аныктаган долбоор менен тааныштырды. АКШ иштеп чыккан план Ирактын Башкаруу Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жактырылган. Ага ылайык, эмки июнь айына чейин өлкөнү башкаруу жергиликтүү утурумдук өкмөткө өткөрүлүп берет, ал эми 2005-жылдын этегинде конституция боюнча референдум жана жалпы шайлоо өтөт.

Зебари өз сөзүндө БУУнун дарегине катуу сын пикирин да айтты:

- БУУ эл аралык орган катары Ирак элин 35 жылга созулган канкор тираниядан коргоп калууга жетишкен жок. Анын натыйжасында биз бүгүн миңдеген жарандар көмүлгөн массалык көрүстөндөрдү таап жатабыз. Улуттар Уюму Ирак элин дагы бир жолу жалгыз калтырбоого тийиш.

Багдаддын өкүлү Кеңештин мүчөлөрүн согуш боюнча өз ара араздашууларын мындай калтырып, өлкөнү калыбына келтирүүдө чогуу аракеттенүүгө чакырды.

Маалым болгондой, согуштун айныбас оппоненттери Франция, Германия жана Россия Ирактагы реконструкция менен бейпилдик орнотуу иштеринен да баш тартып келишкен. АКШ болсо өз кезегинде аталган үч мамлекетти контракт алуу укугунан ажыратып койгон.

Зебари БУУнун ушу таптагы жардамы Ирак эли үчүн өзгөчө маанилүү болот деди. Анткени алдыдагы алты ай ичинде суверенитетке карай бир катар орчундуу кадамдын жасалуусу белгиленген.

Буга чейин баш катчы Коффи Аннан уюмдун кызматкерлери ал жердеги коопсуздук жагдайы жакшырмайынча, Багдадга кайтып барбай турганын ырастаган эле. Буга жооп катары Зебари кырдаал жакшырат деген үмүтүн билдирди:

- Иш жүзүндө бардыгыбыз террористтердин бутасыбыз. Жалгыз гана БУУнун кишилери эмес, коалиция күчтөрү да, ирактын карапайым калкы да террор коркунчуна кептелген. Ошондуктан биз ага туруштук берип, террористтерди жеңишибиз керек.

Саясий эксперттердин баамында, Коопсуздук кеңеши жогорудагы планды жактырат деген ишаралар бар.

Франциянын уюмдагы элчиси Жан Марк де ля Саблиэр Ирактагы саясий процесс күч колдонууга каршы турумдагы бардык негизги күчтөрдү камтууга тийиш деген оюн ортого салды.

Германиянын элчиси Гюнтер Плойгер болсо анын өлкөсү Ирактын полициясы менен аскерлерин машыктырууда көмөк көрсөтө алаарын дагы бир жолу кайталады.

Айтмакчы, ошол эле күнү, 16-декабрда Париж, Берлин жана Вашингтон Ирак боюнча дагы бир маанилүү макулдашууга жетишишти. Атап айтканда, үч мамлекет Ирактын тышкы карызын кыскартуу жөнүндө билдирүү жасашты.

Ирактын карызы 120 миллиард долларга чамалап барат. Анын ичинен 3 миллиард Франциянын, 4 жарым миллиард Германиянын жана 8 миллиард Россиянын аласасы бар.

Коопсуздук кеңешиндеги талкуу жөнүндөгү сөзгө кайрылсак, көпчүлүк дипломаттар Саддам Хусейндин кармалышы, албетте, өтө маанилүү, бирок муну менен өлкөдө террордук иш-аракеттер токтойт дегенди билдирбейт деп ырасташууда. Баш катчы Коффи Аннандын пикиринде, адабатчылар менен күрөштүн эң жакшы жолу – бул өткөөл процесстин ачык жана айкын жол менен жүргүзүлүшү:

- Ишенимдүү жана ачык өткөөл жараяны аркылуу гана Ирактын убактылуу өкмөтү колдоого жетишип, туруктуулук орнойт жана зомбулукка каршы саясий мобилизацияга жол ачылат.

Америкалык расмий өкүлдөр болсо Кеңеш жаңы долбоорду жактырат деген үмүттө. Апта башында элчи Жон Негропонте өткөөл планды колдоо боюнча жаңы резолюциянын кабыл алынышы талап кылынаары күтүлбөйт деп жоромолдогон эле.

XS
SM
MD
LG