Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

САДДАМ САЗАЙЫН ТАРТАБЫ?


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Ирактын экс –диктатору Саддам Хусейн "эң жогорку жазаны" алууга татыктуу деп эсептейт. Америкалык телеканалдардын бирине берген маегинде Буш өлүм жазасы жөнүндө ачык айтпаганы менен эгер Ирактын соту Саддамга карата мындай өкүм чыгарса, каршы болбосун ишара кылды. Ал эми экс-диктатордун үй-бүлө мүчөлөрү анын иши эл аралык сотто каралышын каалашат.

Саддам Хусейндин иши кандай сотто каралаары азырынча так аныктала элек. Эл аралык коомчулукта жана басма сөздө бул боюнча кызуу талкуулар жүрүп жаткан кези. Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш ушул аптадагы билдирүүлөрүнүн биринде аталган маселе боюнча төмөнкүлөрдү айткан эле:

- Биз аны эл аралык көзөмөл астында соттонун жолун табыш үчүн ирактыктар менен иштейбиз. Андан мыкаачылыкты көргөн ирактыктар бул жараянга көбүрөөк тартылышы керек.

Өлкөнүн учурдагы утурумдук бийлиги катары эсептелген Башкаруу кеңешинин пикиринде, Саддамдын үстүнөн сотту Ирактын өзүндө уюшулган трибунал жүргүзүшү абзел. Атүгүл Башкаруу кеңешинин айрым мүчөлөрү Саддам өлүм жазасына тартыларын болжолдошууда. Бирок ошол эле учурда экс-диктатордун иши эл аралык сотто каралышы керек деген пикирлер жок эмес. Маселен укук коргоочулардын көз карашында, сот Ирактын өзүндө жүрсө ал саясатташып кетпесине эч ким кепил боло албайт.

Саддамга байланышкан окуяларды комментарийлеп, шейшембиде Эй-Би-Си телеканалына берген маегинде президент Буш аны "баш кесер", "залим" деп атады. Буштун пикиринде, Саддам "эң жогорку жазаны" алууга татыктуу. Ал өлүм жазасы жөнүндө ачык айтпаганы менен эгер ишти карашы мүмкүн болгон Ирактын соту мындай өкүм чыгарса, ага каршы эмес экенин ишара кылды. Буш белгилегендей, Саддамдын тагдырын АКШнын президенти эмес, Ирактын эли чечиш керек. Баяндамачылардын пикиринде, өлүм жазасына байланышкан маселеде АКШ менен Европанын ортосунда кайрадан ажырым чыгышы ыктымал. Себеби Европа Биримдигинин 15 өлкөсүндө тең өлүм жазасы жоюлган. Алар мындан баш тартууга калган өлкөлөрдү, анын ичинде АКШны да чакырып жүрөт. Британиянын Ирактагы өкүлү Жереми Гринстоктун билдиргенине караганда, анын өлкөсү Саддамга өлүм жазасын бериши мүмкүн болгон трибуналдын ишине катышпайт. БУУнун башкатчысы Кофи Аннан да Саддамды иши аны өлүм жазасына кесе турган трибуналга берилишине каршы экенин билдирген. АКШнын Ирактагы согушуна колдоо көргөзгөн европалык өлкөлөрдүн дагы бири – Дания да ушундай эле көз карашта. Бирок Иракка аскер жиберген өлкөлөрдүн бири - Австралия, премьер-министр Жон Хоуварддын айтымында, өлүм жазасын колдойт. Ирактын өзүндө коалициялык администрациянын чечими менен өлүм жазасын колдонууга убактысынча тыюу салынган. Башкаруу кеңешинин мүчөсү, судья Дара Нураддин "Азаттык жана Эркин Европа " радиосуна берген маегинде төмөнкүлөрдү билдирди:

- Өлүм жазасы биротоло жоюлган эмес. Ал коалициялык администрациянын башчысы Пол Бремер тарабынан убактысынча токтотулган. Маселе эми Ирактын келерки жылдын июнь айында түзүлүүчү утурумдук өкмөтү тарабынан чечилет.

Ал эми Саддамдын үй-бүлө мүчөлөрү болсо анын иши эл аралык сотто каралышын суранышууда. Саддамдын учурда Иорданияда башпаанек алып жашап жаткан кыздарынын бири Рагад Саддам Хусейн Дубайдагы "ал-Арабия" телеканалына берген маегинде буларды айтты:

- Биз Саддам Хусейндин үч кызы ачык жана адилет сотту суранабыз, себеби Башкаруу кеңеши түзгөн соттун артында ким турганын билебиз. Биз эл аралык сотту сурайбыз. Саддамдын кыздары болгондуктан аны коргоого укуктуубуз.

Рагад Хусейндин айтымында, алар атасын сотто коргоо үчүн адвокат жалдашмакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG