Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:44

Токмок шаарында «Достук көпүрөсү» деп аталган кайрымдуулук фонду ачылды


ТОКМОК. 17-декабрда ачылган «Достук көпүрөсү» кайрымдуулук фондусунун ыктыярдуу кызматкерлеринин басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Алардын негизги максаты - азыркы учурда жаштар арасында жайылып бараткан ичкилик, тамеки чегүү жана баңгиликке каршы күрөшүү. Муну менен катар, шаардагы жаштар арасында тарбиялуу үгүт иштерин жүргүзүп, аларды рухий жактан өнүктүрүү жана колдоо болуп эсептелет. Аталган фонд бүгүнкү күнгө чейин эле бир катар кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келген. Кайрымдуулук фондусу бул фондго мүчө болуп кирген жаштардын каражатынын эсебинен иштемекчи. Фонддун жетекчиси болуп Токмок шаарындагы «Олимп» спорттук клубунун башчысы Николай Лавриков дайындалды.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG