Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

БҮГҮН БИШКЕКТЕ ЭКОЛОГИЯГА АРНАЛГАН ЖЫЙЫН ӨТӨТ


Бүгүн Бишкекте Борбор Азияда күтүүсүз кырдаалдарга даярдык көрүү жана экологиялык коопсуздук боюнча эларалык конференция башталат. Ага Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ), Дүйнөлүк банктын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, Тажикстандын жана Кыргызстандын өкмөттүк делегациялары катышат.

Конференция ЕККУнун демилгеси өтүп атат. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы экологиялык коопсуздук багытында кызматташтыкты чыңдоо маселеси каралат. Жыйында Кыргызстандын, Тажикстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлери, ЕККУнун жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү сөз сүйлөйт. Талкуулана турган маселелер тууралуу президенттин кеңешчиси, академик Асылбек Айдаралиев буларды айтты:

- Борбор Азиянын экологиясын коргоодогу Кыргызстан менен Тажикстандын кызматташуусун талкуулайбыз. Биргелешип «Кризисттик кырдаалдарды башкаруу боюнча» аймактык борбор түзүп жатабыз.

Быйыл апрелде Бишкекте Майлуусуудагы уран калдыктарына арналган эл аралык чоң жыйын өткөн. Дүйнөлүк банк болсо Майлуусуудагы уран калдыктарын зыянсыздандырууга 5 млн. доллар бөлгөнү турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG