Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

ЛИТВАДА ПРЕЗИДЕНТКЕ КАРШЫ ИМПИЧМЕНТ ЖАРАЯНЫ БАШТАЛДЫ


Литванын парламентинде өлкө президенти Роландас Паксаска каршы импичмент жараяны башталды. Паксасты жана анын айланасындагы адамдарды эл аралык кылмыш топтору менен байланышта турганы үчүн айыптаган отчетту парламент мындан бир нече апта мурда жактырып, президент Литванын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө деп тапкан.

Мурда жогорку класстагы учкуч болуп иштеген Роландас Паксас эми саясий бийиктиктен кулоо коркунучуна кептелип олтурат. Президентке каршы импичмент жараянын баштоо демилгесин парламенттеги 141 депутатттын 86сы колдоду. Мыйзамга ылайык бул үчүн 36 эле добуш жетиштүү болчу. Ал эми президентти кызматтан кетирүү үчүн болсо 85 добуш зарыл. Президенттикке чейин эки ирээт премьер-министрдин кызматында да олтурууга үлгүргөн Паксас өз дарегине айтылып жаткан айыптоолорду төгүндөп, импичментти күтпөстөн эле кызматтан чегинүү жөнүндөгү чакырыктарды четке кагып келүүдө.

Башкаруучу Социал-демократиялык партиянын парламенттеги фракциясынын башчысы Ирена Сиаулайненин айтымында, Паксастын эми президенттикте калышы күмөндүү. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына берген маегинде төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Кырдаалдын өнүгүшү жана президенттин аракеттенүү ыкмасынан улам менде ал бийликте калаарына үмүт аз. Президент эң башынан тартып эле туура эмес кылды. Ал парламенттин фракциялары менен кеч иштей баштады. Эми парламент мүчөлөрү кол коюп, жараян иш жүзүндө башталып калгандыктан маселени аны менен кантип талкуулоого болоорун айта албайм.

Ал эми "Атамекен" партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Андриус Кубилиус Паксас мырза импичментке жеткирбей эле кетсе, анын өзүнө жакшы болмок деп эсептейт. Анын айтымында, парламенттик комиссия импичмент жараянынын алкагында өлкөнүн Конституциялык сотуна да кайрылмакчы:

- Импичмент жараяны канчага созулаарын эч ким билбейт. Комиссия түзүлгөндөн кийин ал Консититуциялык сотко кайрылмакчы. Себеби Конституцияны бузгандык тууралуу да айыптоолор бар. Ал айыптоолор Конституциялык сот тарабынан иликтенмекчи.

Литвадагы азыркы саясий чактак октябрь айында тутанган эле. Анда өлкөнүн Коопсуздук кызматынын отчету массалык маалымат каражаттарында жарыяланып кеткен. Отчетто президенттин жана анын кеңешчилеринин эл аралык кылмыш топтору менен байланышы бардыгы айтылган. Президенттик шайлоо кампаниясы учурунда Паксасты каржылаган орусиялык ишкер Юрий Борисов Судан мамлекетине мыйзамсыз курал-жарак сатуу менен алектенип жүргөнү көргөзүлгөн.

Президент Р.Паксастын өзү саясий оюндун курмандыгы болуп жатканын айтып келүүдө. Р. Паксастын пикиринде, балээнин баары ал өлкөнүн Коопсуздук кызматынын жетекчисин алмаштырууга ниеттенгенден улам башталды. Парламент негизсиз айыптарды колдоо менен аны кандай жол менен болсо кызматтан кетирүүнү көздөөдө. Мурдараак парламенттин атайын комиссиясы Коопсуздук кызматынын ошол отчетун жактырып, президенттен өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келүүдө деп тапкан. Эгер Р.Паксас кызматтан четтетилсе, Литванын мыйзамдарына ылайык, парламент спикери Артурас Паулаускас жаңы шайлоо өткөнгө чейин президенттин милдетин аткарат. Аналитиктердин көз карашында, ал президенттикке талапкерлердин бири болушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG