Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

ӨЗБЕКСТАНДЫН МИЛИЦИЯСЫ АКСЫГА ЭМНЕ МАКСАТ МЕНЕН КЕЛГЕН?


Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Мамлекеттик коопсуздук боюнча комитетинде Өзбекстандын тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин Кыргызстандын аймагындагы мыйзамсыз иш-аракеттерине байланыштуу маселе каралды. Комитет мүчөлөрү тарабынан Кыргызстандын тартип коргоо органдарынын иши кескин сынга алынды.

Буга чейин маалымдалгандай, 10-декабрда Өзбекстандын тартип коргоо органдарынын 9 кызматкери чегараны бузуп, Жалалабад облусунун Аксы районунун Жетиген айылына кирип келишкен. Алардын катарында Наманган облусунун прокурорунун орун басары Жамолидин Низамов, Янги-Арык районунун прокурору Баходыр Турсункулов, ушул эле райондун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алимжан Эргашов жана башкалар болгон. Алар Кыргызстандын атуулу Алимбек Батыралиевди кармап кетүүгө аракет жасашкан. Жардам сурап, «жансоогалаган» Алимбек Батыралиевге аксылыктар жардам берип, бир аз чыр чыгып, натыйжада, өзбекстандыктарды Аксы районунун тургундары кармап, аларды Жалалабаддын күч органдарына тапшырышкан.
Өзбекстандын атуулдары эртеси күнү Жалалабад облусунун прокурору Айбек Турганбаевдин, улуттук коопсуздук кызматынын облустагы бөлүмүнүн башчысы Марат Иманкуловдун чечими менен бошотулуп, мекенине кайтып кетишкен.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын Мамлекеттик коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов министрлик тарабынан 11-декабрда Өзбекстандын бийлигине Аксыдагы бул окуяга карата нааразычылык нотасын жибергенин, бирок, азыркыга чейин ырасмий Ташкенден жооп болоэлектигин маалымдады:

- Өзбекстандын тартип коргоо органдарынын Аксыдагы иш-аракеттери Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 1996-жылы кол коюлган «Түбөлүк достук жана кызматташтык жөнүндөгү» келишимге каршы келет. Мындан тышкары 1993-жылы кабыл алынган Минск келишимине, ошондой эле, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн макулдашууга жана башка бир катар эки тараптуу келишимдерге датуура келбейт. Бир катар мыйзам бузуулар орун алды.

Кыргызстандын чегара кызматынын жетекчиси Калмурат Садиевдин айтымында, Өзбекстандын тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү чегарадан Улуттук коопсуздук кызматынын Аксы районундагы бөлүмүнүн башчысы менен, жана райондун ички иштер бөлүмүнүн начальниги менен жолугушабыз деп өтүшкөн. Чегара кызматы бул жөнүндө Улуттук коопсуздук кызматынын Аксы районунундагы бөлүмүнүн башчысына дароо маалымдаган. Бирок, жыйында Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү муну дароо четке кагышты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда визалык эреже киргизилген. Бирок, мыйзамга ылайык, чегаралаш жайгашкан райондордун тургундары 5 күндүк мөөнөт менен визасы жок кирүүгө укуктуу.

Улуттук коопсуздук кызматынын Жалалабад облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Марат Иманкуловдун айтымында, өзбек атуулдары «Кыргызстандын аймагына кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүнү сүйлөшөбүз деген максат менен келдик» деп түшүндүрүшкөн.

Жыйындын жүрүшүндө белгилүү болгондой, чегараны бузуп кирген Өзбекстандын атуулдарын бошотуп, өз мекенине жиберүү чечимин Жалалабаддын күч органдары жогорку жетекчилер менен, башкача айтканда, Башкы прокурор, Ички иштер министри жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы менен кеңешпей, аларга маалымдабай туруп, өз алдынча кабыл алышкан.

Ошондон улам депутаттар Жалалабад облусунун күч структураларынын башчыларын «мыйзам бузган Өзбекстандын атуулдарын туура эмес коё бергенсиңер, кызмат абалынан пайдалангансыңар» деп күнөөлөштү.

- Эмне үчүн силер аларды кайра кетирип жибердиңер? Эл кармап берсе, мына жоопко тарткыла деп, эмнеге силер коё бердиңер? - деди депутат А. Бекназаров.

Мындай суроого Жалалабаддын прокурору Айбек Турганбаев төмөндөгүдөй жооп узатты:

- Биз биринчиден, элдин кызыкчылыгын ойлодук. Чектеш райондогу абалды ойлодук. Өздөрү да кечирим сурашты.

Комитеттин айрым мүчөлөрү «Жалалабад облусунун прокурору, Улуттук коопсуздук кызматынын облустагы башчысы ээлеген кызматтарынан четтетилиши керек» деген пикирлерин билдиришти.

Депутат Алымбай Султанов Өзбекстандын атуулдарын облустук ички иштер бөлүмүнө алып келип, андан соң, Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин, Коопсуздук кызматынын жетекчилерин чакырып, сүйлөшүүлөр аркылуу гана бул маселе чечилиши керек эле деген пикирин билдирди.

Жалалабад облусунун Аксы районундагы бул окуя 19-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында каралат.

XS
SM
MD
LG