Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

КОФИ АННАН КООМЧУЛУКТУН КӨҢҮЛҮН ИРАК, ООГАНСТАН ЖАНА СПИД ПРОБЛЕМАСЫНА БУРДУ


Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан 15-январда Ирактын америкалык адмнистрациясы жана Башкаруу Кеңеши менен жолугушууну пландаштырып жатканын жарыялады. Бейшембиде өткөн маалымат жыйынында Аннан ал жолугушууда Бириккен улуттар уюмунун Ирактагы саясий ролу талкууланаарын белгилеп, андан сырткары Ооганстан, Африканын келечеги тууралуу тынчсыздануусун билдирди.

Бейшембидеги басма сөз жыйынында баш катчы Кофи Аннан июнь айында Ирактын убактылуу өкмөтү шайланганга чейин Улуттар уюмунун кызматкерлери ал жакка кайрадан барып иштей башташын четке какпайм деп билдирди:

- Биз үчүн баарыдан башкысы – Иракта кандай максатты көздөп жатабыз, ага кантип жетишебиз, ал жакта кандай система түзүлөт, ал ачык, калыс система болобу, андагы биздин ролубуз кандай болот деген суроолор. Бул маселелер Ирактагы шийилердин лидери Аятолла Систани баш болгон бардык партиялардын пикирин урматтоо менен чечилиши керек.


Улуттар уюмунун баш катчысы андан ары убактылуу өкмөттү региондордо өтчү жабык жыйындарда тандоо сунушун колдой кетти. Ал шийилер талап кылгандай, Иракта азыр бүткүл элдик шайлоо өткөрүүгө шарт жок экенин моюнга алды. Кофи Аннан ыңгайы келсе, келээрки жылы Ирак жана Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөргө сапарлап барууну ойлонуштуруп жатканын маалымдады.


АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси Жон Негропонте: "15-январга белгиленген Ирактын Башкаруу Кеңеши жана коалиция жетекчилиги чакырылган жолугушуу тууралуу жаңыдан уктум, Улуттар уюму Иракта активдүү роль ойношун баарыбыз каалайбыз", - деп белгилей кетти:

- Биз Бириккен улуттар уюмун ар дайым кош колдоп кубаттап, эл аралык кызматкерлер Иракка эртең болсо да кайтып барып иштей алаарына басым жасап келатабыз.

Бул күнкү маалымат жыйынында Кофи Аннан Улуттар уюмунун ар тараптуу жардам көрсөтүү аракеттери Ооганстан менен Африкада да айрым кыйынчылыктарга туш болуп жатканына көңүл бурду. Ооганстанда көп улуттуу коопсуздук күчтөрү Кабулдан тышкаркы аймактарда да жайгаштырылбаса, өлкөдөгү саясий реформа үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп эскерте кетти ал. Баш катчынын атайын өкүлү Лахдар Брахими өткөн аптада Ооганстандагы коопсуздук шарттары жакшыртылбаса, Улуттар уюму өлкөдөгү кызматкерлерин чыгарып кетүүгө аргасыз болорун айткан.

Кабулдагы НАТО жетектеген коопсуздук күчтөрү өлкөнүн башка провинцияларында да кызмат өтөөгө мандат алды, бирок Улуттар уюмуна мүчө мамлекеттер азырынча ал милдетти аркалай турган кошумча аскердик бөлүктөрдү түзүүгө куштарлыгын көрсөтө элек. НАТОнун жетекчилиги колдо бар күчтөрдү Ооганстандын провинцияларын кайра куруу топтору деп атап, чакан отряддарын ар башка аймактарга бөлүштүргөн. Улуттар уюмунун баш катчысы алар Ооганстанда келээрки жылы өтө турган парламенттик жана президенттик шайлоонун коопсуздугун камсыздоого кудуретсиз деп белгиледи.

Журналисттер менен жолугушуунун соңунда Кофи Аннан эл аралык коомчулуктун көңүлү жана финансылык ресурстар Ирактагы согушка алагды болуп, Африкада кеңири кыруучу куралга айланган СПИД дартына каршы күрөш четте калганына басым жасады.

- Күн сайын дүйнөдө СПИДдин азабынан 8000дей кишинин өмүрү кыйылууда. Түштүк Африка, Зимбабве, Замбияда СПИД кеңири кыруучу куралга айланды. Биз баарыбыз биригип келип, ага каршы кандай аракет көрүп жатабыз?"
– деген суроо узатты жыйындын соңунда Улуттар уюмунун баш катчысы.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG