Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

КЫЗЫКТУУЛАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: Майрам. Уйку. Дары. Марска саякат


Айнура ЖЕКШЕ кызы, Прага шаары “Кызыктуулар дүйнөсүнөн” бүгүн Санта-парктын көйгөйлөрү, көп уктоонун жана аспириндин пайдасы, ошондой эле адам баласы Марста жашай алабы деген изилдөө жөнүндө тааныша аласыздар.

Майрам

Кристмасс (Christmass), башкача айтканда Ыйса пайгамбардын туулган күнү майрамы менен жаңы жылдын жакындашы менен Европа менен Американын шаарларын каптаган Санта Клаустар – батыштык аяз аталар кардарларды тартууга жардамдашып, дүкөн-базарлардын кирешесин арттырат эмеспи. Ошол эл мезгилде, Санта өзү атагынын үзүрүн көрүп жатат дешке кыйын. Анын Финляндиянын Рованиеми деген шаарындагы баш кеңсеси – Санта Парк эч качан жылдык таза киреше алууга жетишкен эмес. Өткөн жылы паркка 65 миңге жакын гана киши барган.

Эми Санта Парктын кызматкерлери аны жаңылантып, зыяратчылардын санын 400 миңге жеткирүүнү көздөп жатат. Реконструкция долбоору боюнча, ал жерде Лапландиянын өзгөчөлүктөрү толугураак чагылдырылмакчы. Көрүүчүлөр паркта көбүрөөк убакыт коротуп, Санта Клаус менен да жеке жолугуша алышат.

Андан тышкары лыжа тебүүгө, жайында болсо күнгө күйүп эс алууга шарт түзүлмөкчү.


Уйку

Түнкү уйкусу жакшы элдердин иммунитети да дурусураак. Мындай жыйынтыкка Германиянын Любек университетинин илимпоздору келишти.

Төрт аптага созулган изилдөөлөр көргөзгөндөй, жакшы уктаган адамдардын канындагы вирустарга туруштук берүүчү клеткалардын деңгээли уйкусу качып азап чеккен пациенттердикине караганда эки эсе көбүрөөк болуп чыкты. Натыйжада, аз уктаган кишилердин вирустарга каршы реакциясы жайыраак болуп, инфекциялардан азыраак корголушат.

Мындай көрүнүштүн себеби – адам уктап жатканда анын организминде пролактин жана иммундук системанын вирустарга туруштук берүүсүн күчөтүүчү башка гормондор иштелип чыгат.

Немис окумуштууларынын ачылышына ишенсеңиз, анда көбүрөөк уктаңыз! Бирок бул чакырык ансыз да көп уктаган угармандар үчүн жасалбаганын эскертүү да абзел.


Дары

Дарыгерлердин дагы бир кеңешине ылайык, 60 жаштын айланасындагы ар бир кишинин күнүнө бир таблетка аспирин ичип туруусу пайдалуу болот. Лондондук илимпоздор муну менен сиз рак, жүрөк оорусун гана эмес, башка илдеттерди да болтурбоого жетише аласыздар дешүүдө. Жакында Лондондо өткөн илимий конференцияда айтылгандай, аспириндин инфаркт менен инсультту болтурбоого жардам берээри мурунтан эле белгилүү болчу, эми аны ракты алдын алууга да ичсе болот деген далилдер пайда боло баштады.

Медиктердин ырастоосунда, аспирин колдонуунун пайдасы жөнүндөгү калк арасында кеңири тараган пикир келээрки 10 жылдын ичинде илимий далилдөөгө да ээ болот. Ошол эле мезгилде англис изилдөөчүлөрү өзүңөрдү өзүңөр дарылабай, бул жааттагы кошумча иликтөөлөрдү күтө тургула деп да эскертишет.


Марс

Ал эми америкалык окумуштуулар адам баласы Марска барып, ал жерде бир канча убакыт бою жашай алат деген жоромолун айтышууда. Эки жылдан бери Кызыл планетаны айланып жүргөн “Одиссей” аттуу аппараттын жардамы менен алынган маалыматка ылайык, Марстагы радиация космонавттарга бир топ кыйынчылык түзүшү мүмкүн, буга карабай, ал жерде кыска бир мөөнөт өткөрсө болот.

Жердин магнит талаасы адамды радиациядан коргоп турат, ал эми Марста болсо андай талаа жок.

Радиация рак, катаракт өңдүү ооруларга, нерв системасынын бузулушуна алып келет.”Ошондуктан Марска адамдар жайгаша турган болсо, анда алар өз турак-жайларын ойдуң жерлерге курууга тийиш” , -деген бүтүмгө келишет америкалык изилдөөчүлөр.
XS
SM
MD
LG