Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

ЛОЙЯ ЖЫРГАДА ДЕЛЕГАТТАРДЫН САНЫНА ЖАРАША ДООМАТ АРБЫН


Ооганстанда Лойя Жырга, же Улуу жыйындын делегаттары бир жумадан бери өлкөнүн жаңы конституция долбоорун талкуулап жатышат. Бейшембиден тарта 502 делегат 10 топко бөлүнүп алып, баш мыйзамдагы чырдуу маселелерди дыкаттык менен талдап киришти. Талаштар негизинен президенттин ыйгарым укуктары, аялдардын ролу, диний ишеним эркиндигинин тегерегинде болууда.

Ооганстандын утурумдук президенти Хамид Карзай эгерде конституция долбооруна чукул өзгөртүүлөр киргизилсе, келерки жылга белгиленген президенттик шайлоого катышпаарын эскертти. Талиптердин бийлигин кулатууга чоң салым кошкон мурдагы Түндүк альянстын жетекчилери, экс-президент Бурхануддин Раббани жана генерал Абдул Рашид Достум баштаган делегаттар тобу президенттин бийлигин чектеп, парламент менен өкмөт башчынын ролун арттырууну талап кылышууда. Алардын айрым жактоочулары ушул аптада документке бойкот жарыялоону да сунуштап жиберишти. Андыктан, күн сайын эртеден кечке кайсы бир талаштуу маселе боюнча акыйлаша бергенден майнап чыкпаары маалым болгон соң, бейшембиден тарта 502 делегат 50 кишиден турган 10 топко бөлүнүп алып, конституция долбоорун ар бир берене боюнча талдаганга киришишти. Ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү Лойя Жырга документти башында пландаштырылгандай, жаңы жылга чейин талкуулап бүтпөй калса, жыйын андан кийин да улантылаарын билдиришти.


Азыркы ооган өкмөтүн колдогон делегаттар шарият үстөмдүк кылган мурдагы динчил коомдон акырындап жаңы түзүлүшкө өтүп бараткан өткөөл абалдагы өлкөгө күчтүү президенттик бийлик куп жарашат деген пикирин айтышууда. Каршылаш тарап – Ооганстандай көп улуттуу, ар башка диний агымдын өкүлдөрү жашаган мамлекетте президент, парламент, өкмөт өлкөнү башкарууну өз ара тең бөлүшүп алса жана бийлик бир колго топтолбосо алгылыктуу деген пикирде.

Андан сырткары 100гө чукул делегат аялдар Ооганстандын жаңы конституциясында аялдар менен эркектер тең укуктуу деп таасын жазылышын талап кылышууда. Талкууга коюлган документтин 22-беренесинде "Ооганстандын атуулдарынын баары тең мыйзам алдында тең укуктуу жана бирдей жоопкер" деп көрсөтүлгөн. Делегат айымдар ага макул болбой, конституциянын ар бир беренесиндеги "ооган атуулдары" деген сөздөр аялдар менен эркектер деп ажыратылып көргөзүлсүн деген өктөм шарт коюуда. Мындан эки жыл мурда кулатылган талиптердин бийлиги тушунда ооган аялдарына билим алууга, коомдук иштерге аралашууга, атүгүл көчөдө ээн-эркин басып жүрүүгө тыюу салынган болчу.


Андан тышкары АКШ Ооганстандын конституция долбоорунда диний эркиндик тууралуу үстүртөн айтылганына тынчсыздануусун билдирди. "Документтен атуулдардын диний ишеним эркиндигине бут тосулбаарын түшүнсө болот, бирок ал кошумча сөздөр менен кепилденген эмес", - деген пикирде Вашингтондун эл аралык дин эркиндиги боюнча элчиси Жон Хэнфорд.

Кабулда Лойя Жырганын отурумдары өтүп жаткан жайдын тегерегиндеги көчөлөрдү чет элдик коопсуздук күчтөрү, Ооганстандын жаңыдан машыктырылган жоокерлери, полиция жана коопсуздук кызматкерлери күнү-түнү күзөтүп жатышат. Андай чаралар шейшембиде таңга маал Кабулда үч ракета жардырылган соң күчөтүлдү. Кийинчерээк талип жоочулары «биз уюштурдук» деп жарыялаган ал чабуулдардан, тилекке жараша, адамдар жабыр тарткан жок.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG