Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:50

ПРЕЗИДЕНТ ЖУРНАЛИСТТЕРДИ СОТ ЖООБУНА ТАРТУУГА КАРШЫ


Массалык маалымат каражаттарын колдоо максатында президент Аскар Акаев мыйзам долбоорун парламентке жолдоду. Бул тууралуу 19-декабрда президенттин пресс-катчысы Абдил Сегизбаев менен президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаев билдиришти. Эгер мыйзам долбоорун парламент колдосо жалаа жапканы үчүн деп журналисттерди кылмыш жообуна тартууга бөгөт коюлмакчы.

Президенттин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы атайын өкүлү Чолпонкул Арабаев Аскар Акаевдин демилгеси менен кылмыш-жаза мыйзамдарын жаңыртуу концепциясы иштелип жатканын билдирди.

- Биз азыр ушул маселенин үстүндө иштеп жатабыз, -деди Чолпонкул Арабаев. - Ал үчүн кылмыш-жаза мыйзамдарын жумшартуу маселеси каралууда. Бул биринчи кезекте Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерге тиешелүү. Бизде кылмышка кириптер болгон адамдардын 60% ашууну эркинен ажыратылат. Орусияда ал болжол менен 45% түзөт. Өнүккөн өлкөлөрдө, айталы, Европада, Германияда ал 9% түзөт. Муну да алар көп деп эсептешет. Биздеги Кылмыш-жаза кодекси өтөле катуу. Ошондуктан, мыйзамдарды жеңилдетүү аракетинин ыңгайында Кылмыш-жаза кодексиндеги 127-берененин 2-3-пункттары толук алынып салынат.

Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинде маалымат каржаттарында жалаа жапкан адамды 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Болбосо ага минималдуу эмгек акынын 100дөн 1000ге чейинки өлчөмүндөгү айыппул салынчу. Президент Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 2-пунктун да алып салууну сунуштоодо. Ага ылайык маалымат каражаты аркылуу кимдир бирөөнү мазактаган адам минималдуу эмгек акынын 500дөн 1000ге чейинки өлчөмүндө айыппулга жыгылчу.

Чолпонкул Арабаев «адамдык ар-намысыма жана ишкердик беделиме шек келди» деп сотко доо-арыз менен кайрылгандар эми бул мыйзам долбооруна жараша сураган айыппулдун 5% алдын-ала мамлекетке төлөшү керек дейт. Мындай өзгөртүү президенттин сунушу менен «Мамлекеттик төлөм жөнүндө» мыйзамга киргизилмекчи.

Президенттин пресс-катчысы Абдил Сегизбаев мындай демилге буга чейин деле көтөрүлгөнүн, бирок ал депутаттар тарабынан колдоого ээ болбой келгенине токтолуп, журналисттерди мамлекет башчысынын бул демилгесин колдоого чакырды:

- Биз мына ушул сунушту парламентте да колдоп, биргелешип аракет кылабыз го деген үмүттөбүз.
XS
SM
MD
LG