Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:45

ЛИВИЯ “ЧОГООЛДУГУН” КОЁТ, БАТЫШКА ЧОҢ ТУУГАН БОЛОТ


Ливия массалык кыргын салчу куралдарды түзүү багытында жең ичинен жүргүзүп келген бардык иштерин токтотмой болду. Өлкөнүн лидери полковник Муаммар Каддафи ырастаган бу чечимди Лондондо коомчулукка британ премьери Тони Блэр угузду. Тогуз айга созулган сүйлөшүүлөр ушундай натыйжа менен бүткөндүгүн маалымдап,Блэр дүйнө эми бир кыйла коопсуз боло түшкөнүн жана Ливия дүйнөлүк жамааттын толук кемелдеги мүчөсү болуп каларын белгиледи. Ливиянын чечимин Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш да кушубак маанайда комментариялады.

Кыялы корс, өзү кырс лидер атыгып жүргөн полковник Муаммар Каддафи британ премьерине агынан жарылып, Түндүк Корея менен жарнакташып Ливия “Скад” түрүндөгү ракеталарды өркүндөтүүгө, химиялык жана биологиялык куралдарды түзүүгө умтулуп келгенин моюнга алды. Триполи атүгүл атомдук бомба жасаганга да аз эле калган экен. Ливиянын тышкы иштер министри Абд ал-Рахман Мохаммед Шалгамдын айтымында, мунун баарын Триполи быйыл октябрда жана декабрдын башталышында британдык, ошондой эле америкалык эксперттер тобуна көрсөткөн. Эксперттер ливиялык ишканаларда байытылган уран бар экенин да бышыкташкан.

Тони Блэр ырастагандай, Каддафи быйыл мартта массалык апаат куралдарына байланышкан демилге менен Лондон өкмөтүнө кайрылган экен. Тогуз айга созулган сүйлөшүүлөрдөн соң полковник аталган тармактагы бардык программаларынан баш тартканга, өлкөнүн аскери маанидеги жабык обьекттеринин баарын инспекция үчүн эл аралык эксперттерге каалаган учурда ачып бергенге даяр экенин билдирди. Жума күнү бул жаңылыкты жарыялап жатып Блэр полковник Каддафинин бул бүтүмүн “тарыхый жана каарман чечим” деп баалады. Мындан улам регион жана жалпы эле дүйнө алда канча коопсуз боло түштү. Ливиянын бу чечими ар бир өлкө массалык апаат куралдар программасынан өз ыктыяры менен жөн-жайынча эле баш тарта аларын көрсөттү, деп кошумчалады Блэр.

Блэрдин айтымында, Ливия баллистикалык ракеталардын радиусун да чектемек болду. Ливиянын арсеналында эми 300 чакырымдан ашпаган аралыкка атыла турган гана ракеталар калмакчы.

Британ премьеринин соңунан Ливиядан келген куш кабарды Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш да кушубак маанайда комментариялады. Ливияда эл аралык коомчулукка кайра кошулуу процесси башталды, деп айтты Буш. Бул үчүн Ливияга массалык кыргын куралдарын түзүүдөн баш тартып, эл аралык терроризмге каршы күрөшкө активдүү катышуу керектигин полковник Каддафи жакыш билет. Эгер өлкөнүн жетекчилиги ушундай кадамдарды жасап,өз пландарын иш жүзүндө далилдесе, Ливия дүйнөдө кайрадан сый-урматтуу ордун табат жана келечекте Кошмо Штаттары менен алакасын алда канча жакшырта алат, деп билдирди Буш.

Каддафинин чечими, байкоочулар белгилешкендей, Бушту курсант кылбай кое албайт. Бу кабарды Буш ансыз деле өз администрациясынын аталган чөйрөдөгү үлкөн жеңиши таризде түшүндүрдү. Бул фактыны Вашингтон администрациясы эми президенттик шайлоо кампаниясынын саясий айлампасына саларында жана андан активдүү пайдалана тургандыгында калет жок, дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG