Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

КУВЕЙТТЕГИ САММИТ ТЕРРОРИЗМ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАЙТ


Жекшемби қүнү Кувейтте Перси булуңундагы өлкөлөрдүн Кызматташтык кеңешинин эки күндүк жыйыны башталды. Саммитте айрым экономикалык проблемалар менен катар терроризм менен күрөшүү жана Саддамдан кийинки Ирак менен кызматташуу маселелери каралат.

Мунайга бай монархиялардын башчылары Ирактын диктатордук режими кулатылгандан кийинки өзүнүн алгачкы жыйынына чогулуп отурат. 1981-жылы түзүлгөн Кеңешке Перси булуңунун айланасындагы 6 мамлекет – Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары кирет.

Террор коркунучун алдын алуу үчүн Кувейт шаарынын “Байан Палас” мейманканасы жүздөгөн танктар, башка оор техника жана миңдеген аскерлердин жардамы менен катуу кайтарылып жатат.

Эки күндүк саммит маалында аймактык коопсуздук, Ирактагы соңку окуялар жана ага жардам берүү, ошондой эле жаңы Ирак менен кызматташуу маселелери каралмакчы.

Жыйынга чейин Багдад Кеңешке кошулуу ниетин билдирген эле, бирок уюмдун баш катчысы Абдулрахман ал-Атийя жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн четке какты.

Кеңештин мурдагы жетекчиси Абдулла Бишара аймактын лидерлерине кайрылып, ички коопсуздукту бекемдөөгө, АКШдан болгон көз карандылыкты азайтууга жана Ирак, Иран өңдүү мамлекеттер менен жакшы мамиле түзүүгө чакырды. “Кувейттеги саммит, эң биринчи кезекте, Перси булуңундагы коопсуздук инфраструктурасын куруу маселесинин үстүнөн иштөөгө тийиш. Биз Кошмо Штаттарынан көз каранды болбошубуз керек”, - деди Бишара.

Коопсуздук маселелеринен сырткары жыйында билим берүү реформасы да каралат. Бул жааттагы башкы максат катары экстремисттик идеологиянын жаштарга болгон таасирин алдын алуу болуп эсептелет.

Буга байланыштуу Кувейттин исламчыл премьер-министри Валиид ал-Табтабеи атайын билдирүү жасап, Кеңешке мүчө-малекеттердин лидерлерин АКШнын кысымына баш ийип, ыйык Куранга жана ислам канондоруна каршы келген өзгөртүүлөрдү киргизбөөгө үндөдү.
Кувйеттин либералдык платформадагы Демократиялык форумунун органы “Ал-Талеа” апталык басылмасы болсо Кеңеш элдин мүдөөлөрүн аткарбаса, таркап кетиши керек деген пикирин жазып чыкты.

Дегеле бул жылкы саммит жалпы эле саясий жана экономикалык реформалардын керектиги жөнүндөгү ой-пикирлер көбөйүп жаткан кезде өтүп жатат.
Экономикалык суроолорду алсак, күн тартибине монетардык биримдиктин оош-кыйыштары, бирдиктүү валюта жана орток рынок маселелери коюлган.

Лидерлер андан тышкары 1-январдан тартып киргизилген бажы биримдигине кедерги болуп жаткан себептерди да талкуулашат.
Болочок долбоорлордун ичинен болсо алгачкы этапта Кеңешке мүчө мамлекеттерди, кийинчирээк Ирак менен Перс булуңундага өлкөлөрдү байланыштыра турган темир жолдун курулушу каралмакчы.

Жыйындын соңунда терроризмге каршы күрөшүүдө өз ара кызматташтыкты арттыруу жөнүндө биргелешкен макулдашуу кабыл алынат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG