Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

АКЫРКЫ АПТАНЫН ОЛУТТУУ ОКУЯЛАРЫ


Бул аптада Жогорку Кеңештин 75 депутаты Конституцияга партиялык тизме боюнча өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү тууралуу демилге көтөрүштү. Апта соңунда болсо бийликтин өкүлдөрү президент мындай демилгени колдобойт болушу ыктымал деген билдирүү жасашты. Өзбекстан менен мамиле оорлоп баратканын Мыйзам чыгаруу жыйыны белгилеп аткан убакта, кыргыз бийлиги Иран менен, жана Казакстан менен мамилесин жакшыртууга аракет жасай баштады.

Конституцияны өзгөртүүнү бул ирет саясий партияларды бийлик бөлүштүрүүгө аралаштырууга аракет жасаган 75 депутат көтөрүп чыкты. Алар даярдаган мыйзам долбооруна Конституциялык сот оң же терс пикирин айта электе эле, өлкө жетекчилиги президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлүнүн оозу менен «мамлекет башчысы мындай демилгени колдошу күмөн» деген пикирин шардана кылды. Саясий партияларга антип бийлик мунарасында орун жок деген мамлекеттик саясат жүрүп жаткан маалда бийликтин партиясы делген «Алга, Кыргызстандын» дүбүртү катуулады. Аталган партия бул аптада Ысыккөл облусунда жыйын өткөрүп, мүчөлөрүнө күбөлүк тапшырды.

Саясий партиялар бийлик үчүн антип күрөшүп жаткан маалда азыркы бийликтин бир катар таасирлүү кызматтарында жетекчилер алмашты. Аксылыктардын нааразылык билдирген катына карабай Темирбек Акматалиев Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине бекитилди. Анын бошогон ордуна өлкөнүн саясий айдыңына таанымал Болот Жанузаков барды. Ошентсе да, «бул дайындоолор алдыда күтүлүп жаткан ири кадрлык өзгөрүүлөрдүн башталышы гана» деген пикирлер арбын. Бирок «кадрларды тез-тез алмаштыруу жакшы натыйжаларга алып барбайт» деген оюн айткандар да бар:

- Менин оюмча, акыркы мезгилде бир топ эле көп алмашуу болду. Бат-бат алмаштырып, кадрлардын көбүнүн тамырын чаап коюп атабыз. Бул бат алмаштыргандын эч бир жакшылыгы жок. Бир баштаган иштин аягына чыгыш керек. Жооп бере турган киши болбой калып жатпайбы, - деген пикирин билдирет мурдагы өкмөт башчысы, азыркы депутат Курманбек Бакиев кадр саясаты тууралуу.

Эсеп-кысап аппараттарын киргизүү менен казынага көп каражат түшүрүүнү көздөп жаткан демилгеден кандай майнап чыгары белгисиз. Парламент депутаттары 17-декабрда бул маселени комитетте карап, президентке кайрылуу жолдошту. Депутаттар сыяктуу эле базарлардын кожоюндары да эсеп-кысап аппараттарынын коюлушунан чочулап атышат. «Дордой» базарын негиздеген Нарындын губернатору Аскар Салымбековдун айтымында, эсеп-кысап машинелери коюлса эле дароо 500 млн. сомдой киреше түшөт деп алакан чабууга негиз жок.
Каржы министри Болот Абилдаев Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында бул аптада сүйлөгөн сөзүндө «казынага акчанын түшпөй жатканына коррупция тоскоолдук кылып жатат» деди. Коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөдө 118-орунда турган Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун коррупцияга каршы конвенциясына кол койгону да өтүп бараткан аптада билинди. Бирок, «кыргыз бийлиги буга чейин деле коррупцияга каршы жарытып жакшы күрөшкөн эмес, эми деле абал оңолуп кетпейт» дегендер арбын.
- «Коррупцияга каршы күрөш тууралуу атайын мыйзам жок» дешкенинен Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары аны эске алып, быйыл 30-январда «Коррупцияга каршы күрөш жөнүндө» деген мыйзам кабыл алып бергенбиз. Бирок, ошондон кийин да бир да адам бул мыйзам боюнча жазаланган жок да, - деген пикирин айтат депутат Алымбай Султанов.
Кыргызстанда акча, акчадан мурда колу таза, ишин мыкты билген адистер жетишпей жатканы Өзбекстан менен болгон мамиледе ачыкка чыгып отурат. Мыйзам чыгаруу палатасы 18-19-декабрда 10-декабрда Кербенде болгон окуяны карады. Айрым депутаттар
Жалалабад облусунун күч органдарынын кызматкерлери ээлеген кызматтарына татыктуу эмес деген пикирлерди айтышты.

- Облустун прокурору мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган. Өзбекстандын атуулдары Кыргызстандын суверендүүлүгүн сыйлабастыгын көрсөтүштү, бул кыргыз элинин улуттук ар-намысына, аброюна шек келтиргендикке жатат. Облустун прокурору жана улуттук коопсуздук кызматынын облустук бөлүмүнүн башчысы кызматтарынан четтетилиши керек. Тартип коргоо органдары тарабынан мындай кадам кайталанбашы керек, - деди депутат Өмүрбек Текебаев.

Айрым депутаттар болсо өкмөткө кыргыз-өзбек чегарасындагы акыркы окуяларга байланыштуу Өзбекстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуш кылышты.

Өзбекстандын күч органдарынан антип жапа чеккен Кыргызстан жакынкы күндөрдө өзбек газы берилбей калса дагы жолу бир жапа чегиши ыктымал дешет талдоочулар. Анткени, бул аптада «Кыргызгаз» акционердик коомунун жетекчиси Автандил Сыдыковдун Ташкенге жасаган иш-сапары жыйынтыксыз аяктады. Өзбек тарап 2004-жылдагы газдын акысын толугу менен нак акчалай төлөгүлө деп кыргыз бийлигине жаңы түйшүк таап берип отурат. Депутат Тайырбек Сарпашевдин айтымында, өзбек газы жаңы жылдан кийин жалп өчүшү ыктымал.

Өзбекстан менен абал антип жатканда кыргыз бийлиги Казакстан менен, жана Иран менен мамилесин кайра жандандырууга аракет жасоодо. Президент баштаган делегация 20-декабрда Иранга жөнөп кетти. Ирандан кийин президенттин Казакстанга иш-сапары 25-декабрда башталат.

XS
SM
MD
LG