Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

БҮГҮН ПРЕЗИДЕНТ А. АКАЕВДИН ИРАНДАГЫ ИШ-САПАРЫ АЯКТАЙТ


Кыргыз президентинин Иран Ислам Республикасына жасаган ырасмий сапары бүгүн кечинде аяктайт. Кечке чейин Аскар Акаев баштаган делегация Ирандын Шираз аймагында болуп, өлкөнүн тарыхый жерлерин кыдырат.

Президент Аскар Акаев Иран Ислам Республикасына сапарынын акыркы күнүндө тарыйхый-маданий эстеликтерге бай Шираз аймагында болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин кызматкери Екатерина Мукагалиева мындай деп билдирди:

- Сапардын маданий бөлүгү Шираздагы байыркы Персиянын борбору Персиполисте өтөт. Бул шаарды убагында Александр Македонский талкалаган. Анын урандылары ушул кезге чейин сакталып калган. Андан сырткары бул жерде улуу Хафиздин, Саадинин сөөктөрү коюлган.

Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, мамлекет башчысы жетектеген кыргыз делегациясы шейшемби күнү Бишкекке кайтып келет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG