Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Кувейт Перси булуңунун аймагында терроризмдин жайылышын бүткүл дүйнө үчүн айрыкча коркунучтуу көрүнүш деп эсептейт


Кувейттин өкмөт башчысы Шейх Сабах ас-Сабах ушундан улам коңшу өлкөлөрдү терроризмге каршы күрөшкө кошулууга чакырды.
Сабах кечээ Кувейтте ачылган Перси булуңундагы алты мамлекеттин Кызматташттык кеңешинин самитинде билдирүү жасады. Эки күндүк самитте терроризм менен катар, исламдык экстремизм менен күрөштүн чегинде билим берүү программаларын реформалоо маселеси да талкууланууда. Күн тартибинде, ошондой эле, экономикалык интеграция, анын ичинде бирдиктүү валюта киргизүү жана бирдиктүү базар түзүү маселелери да бар. Аталган топко Саударабия, Кувейт, Бириккен Араб эмираттары, Катар, Оман жана Бахрейн кирет.

XS
SM
MD
LG